Көр казгандардын айлыгы, сөөк ташыган техниканын абалы боюнча кызыктуу маек

Көр казгандардын айлыгы, сөөк ташыган техниканын абалы боюнча кызыктуу маек

30 жылдан бери мамлекеттик кызматта эмгектенип келген Алиев Аскер Тукешович учурда Бишкек шаарынын мэриясынын алдындагы аза кызматтарын көрсөтүү агенттигин жетектейт. Маектешибиз менен аталган агенттиктин жана сөөк ташуу техникасынын абалы, жумушчулардын айлыгы, көрүстөндөрдү казуу, сатуу боюнча кызыктуу маек курдук.  

— Аскер Тукешович, аталган кызматка кандайча, кимдин сунушу менен келип калдыңыз эле? Бул кызмат өзүңүзгө жактыбы?

— Мурунку мэр Албек Ибраимовдун басмырлоосунан улам, Биринчи май районунун башчысы кызматынан кеткем. Тагыраак айтканда, өз калоом менен аргасыздан арыз жазып кетүүгө мажбур болгом. Анда 2017-жылдын ноябры эле. Негизи мен кесибиме жана иш тажрыйбама көбүрөөк жакын болгон “Жашылдандыруу курулуш” муниципалдык ишканасына жетекчи кылып дайындоону андагы мэр А.Ибраимовдон сурангам. Тилекке каршы, ал мындай суранычымдан баш тартып койгон. Бирок, менин жетекчи катары тажрыйбамды эске алып, Бишкектеги аза кызматтарын көрсөтүү агенттигин жетектөөнү сунуштап, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты К.Б.Мүзүралиевдин кызыкчылыгы менен кагылышуулардын натыйжасында дайыма чыр-чатак болуп турган агенттикти тартипке келтирүүнү тапшырган. Анан айла жок ушул кызматта иштеп калууга аргасыз болдум.

— Анан, агенттиктин абалы кандай экен?

— Агенттиктин иш алып баруусу начарлап, кызматкерлердин ишине көзөмөл болгон эмес экен. Жетекчилер тез-тез алмашыптыр. 2010-жылдан бери жети жылда алты директор болуптур. Эскирген негизги фонддор, техникалар, транспорт каражаттары, акчанын жетишсиздиги, кызматкерлердин жана жумушчулардын төмөн эмгек акылары ыргылжың кырдаалда экен.

— Ыргылжыңды ыраатка келтирүү үчүн ишти эмнеден баштадыңыз?

— 2017-жылы декабрда ишке киришип, агенттиктин каржылык-чарбалык ишин талдап көрүп, биринчи каржылык тартипти орнотуп, ушул тармакты ордуна койдум. Иш процессинде укуктук-ченемдик актылар, Жоболор, Устав ишке ылайык келтирилди. Ишти жолго салуу үчүн негизги, жүгүртүүчү каражаттарды жана көрүстөндөрдөгү көмүлө турган жер тилкелерин инвентаризация кылуу боюнча ишти аткарып, жыйынтыгын берген комиссия түздүм. Агенттиктин аппаратына төлөнүп жүргөн 30% өлчөмүндөгү үстөк акы мыйзамсыз кошулуп эсептелгендиги табылып, агенттиктин ички буйругу менен жокко чыгарылды. Агенттиктин кызматкерлеринин жана көрүстөндөрдүн жумушчуларынын айлык акылары көтөрүлдү. Биринчи жолу агенттиктин кызматкерлерине жана аза буюмдарын келишим менен тапшырган жеке жактарга акча каражаттарын электрондук карточка системасы менен берүү жолго коюлду. Ошондой эле биринчи жолу товардык-материалдык баалуулуктарды (ТМБ) мамлекеттик сатып алуулардын порталы аркылуу сатып алуу өз убагында жүргүзүлө баштады. Учурда ТМБ сатып алуулар тендерлердин негизинде гана болот. Казына аркылуу каржылоо боюнча ишке өзгөртүү киргизилип, талапка ылайык келтирилди. Адистештирилген техника (рефрижератор, экскаватор, сөөк ташуучу БУС) алууга 2018-жылга шаардык бюджеттен 7,2 млн. сом бөлүндү. Каржы каражаттарын үнөмдөө жана оптималдаштыруу максатында кызмат орундарын айкалыштыруу жүргүзүлдү. Боордоштор жана дунгандар көрүстөндөрүнүн кароолчусунун милдеттерин аткаруу “Ала-Арча” көрүстөнүнүн кароолчусуна жүктөлдү.

Көрүстөн демекчи, Түштүк-Батыш” көрүстөнүндө жер сатуу боюнча чырлуу материалдар сиз келген учурда коомчулукка тарап, сынга кабылды. Бул боюнча эмне дейсиз?

— “Азаттык” радиосуна көр сатуу боюнча материал чыкканда абдан жаман болгом. Ал убакта кызматка келгениме 4 ай эле болгон. Бул агенттиктеги баш аламандыкты жоюу максатында комиссия түзүп, мурункулардын болгон былыктарын чукуй баштаганымда жаңы жетекчи жаманатты болсо деген сыяктуу мага каралоолор болду. Ал кадамдары, тескерисинче, өз абийирлерин өздөрү ачканга өбөлгө түздү. Андыктан өзүмдүн ар-намысымды, кадыр-баркымды, жаратмандык аброюмду коргоп калуу үчүн, учурдан пайдаланып, чырлуу маселелер боюнча кенен түшүндүрмө бере кетейин. 2018-жылы ишимди “Түштүк-Батыш” көрүстөнүндөгү бир канча убакыттан бери бош турган орундарды санап, иликтөө боюнча өз буйругумду берип, аппараттын кызматкерлеринен комиссия түзүү менен баштагам. Ал комиссия бир ай иштеп, эң алгачкы натыйжаларын берип, 2007-2016-жылдары бөлүнгөн, 31 тосулган, 30 тосулбаган, жалпы 61 сөөк коюлбаган орундарды тактаган. Ал орундар аталган көрүстөндүн ортоңку бөлүгүнөн берилип кеткен. 2007-2016-жылдары борбордук аллеяда 87 маркум көмүлгөн. Мындан тышкары, борбордук аллеяда А.Н.Ш. (2007-ж.), У.К. жана М.К. (2014-ж.) аттуу жарандардын көздөрү тирүү кезинде коюлган эстеликтери табылган. Жогорудагы фактылардын негизинде, 2018-жылдын 26-апрелинде акт түзүлгөн. Ушул акты түзүлгөндө эле ызы-чуунун алгачкы кыймылдары башталган. Комиссиянын мүчөлөрүнө “актыдагы бош көрүстөндөрдү аз эле көрсөтүп койгула” деген өтүнүч-чалуулар болгон. “Эч кандай бурмалоо болбосун. Эртеби-кечпи ачыкка чыгат”, — деп аларга жол берген эмесмин. Көрсө, ошондо кантип ушул маселени өздөрү жагына чечип аларын билбей мени каралоонун үстүндө иш алып барышкан экен. Айрым сайттар жалган маалыматтарды жазып, мага каршы иштеди. Мен муну кийин кур жалаа жабуу иретинде телерепортаж пайда болгондо гана түшүндүм. Ал телерепортажда мага чейинки коюлган эстеликтер көрсөтүлгөн. Көр сатууга менин эч кандай тиешем болбосо дагы мага кандайдыр бир көө жабылып калды. Бул убагында бир эле мага эмес, үй-бүлөмө, бир туугандарыма, куда-сөөктөрүмө чейин оор тийди. Бирок мен андай деле терикпейм. Себеби, ал жайлар мен иштеп жатканда сатылган эмес. Тескерисинче, мен аларды иретке келтирейин деп жан үрөгөндө мага жармаштырылган жалаа болду да калды. Кийин иликтенген көр сатуу боюнча козголгон кылмыш ишинин үстүнөн биз дагы иштеп, принципиалдуу түрдө бул жактагы болгон материалды тергөө органдарына берип, алар менен чогуу иш алып бардым. Мына быйыл жазында айып коюлуп, ошол убакта иштеген, көр саткандар азыр сот жообуна тартылып жатат. Булардын коррупциялык иштери биз ойлогондон да тереңдеп, тамырлап кетиптир.

— Коррупциялык иштерден улам, агенттик канчага зыян тартыптыр?

— 234 жай, ушунча маркумдун сөөгүн жерге берүүдө агенттикке арыз жазылып, кызмат акысы төгүлбөстөн 900 миң сомго жакын акча чөнтөккө кетип, биздин Аза кызматтарын көрсөтүү агенттиги зыян тарткан. Андан сырткары, башка кымырган акчаларды айтпай эле коёюн. Мындайча айтканда, агенттикте синдикат орун алып калган. Тереңдеген коррупциялык иштерин жаап-жашырсак деген аракетте мени эртерээк иштен кетириш керек болгон. Азыркыга чейин мага каршы өтө таасирдүү адамдарды фактыларды бурмалоо жолу менен ишендирип, тирештирип жатышат. Эми алар, албетте, сот жообуна тартылышат. Каржы полициясы тарабынан айып коюлган соң, албетте, мыйзамдын алдында жооп берүүлөрү керек. Биздин акты менен аныкталып, такталган бош орундар үчүн жооп бериши зарыл. Убагында ким ошол орундарды калтырган? Акча алганбы, жокпу? Муну эми тергөөчүлөр иликтейт. Буюрса, дагы бир топ иштер ачыкталат деген ойдомун.

— Агенттикте канча адам иштейт? Жогоруда жумушчулардын айлыгын көтөргөнүңүздү айттыңыз. Канчадан канчага көтөрүлдү?

— Бизде штатта 78 адам иштейт. Мен келгенде жумушчулардын айлыктары 3300 сом эле болчу. Жай казгандар менен кароолчулардын айлыктары абдан төмөн эле. Азыркы заманда 3300 сомго ким иштейт? Ал эмнеге жетет? Андыктан бул маселени Шаардык кеңештин депутаттарына, мэрияга айтып быйыл бир аз эмгек акыларын көтөрдүк. Кыштан бери жумушчуларыбыз 10 миң сомдун тегерегинде айлык ала башташты. Бул дагы коррупцияга каршы күрөшүүнүн бир жолу. Себеби, 3 миң сом алган жумушчу маркум ээлерине жалдырап карайт. Алар тамак-ашын, колундагысын берет. Колундагы бир аз тыйынды берген менен мындай чыккан соң “мынча акча алышат экен” деп сүйлөшөт. Ушундай болбосун деп айлыктарын жогорулатууга аракеттендим. Акча жагын бөлүштүрүү кыйын. Ошондуктан депутаттардан турган бюджеттик комиссияга болгонун түшүндүрүп, далилдеп айттык.

— Сөөктү ташыган техниканын абалы кандай, жетиштүүбү?

— Сөөктү ташыган, маркумду акыркы сапарга узата турган атайын техникалар алынган эмес. Алардын абалы өтө начар болгон. Аны да айтып былтыр 4 даана атайын сөөк салган техника, экскаватор, боз үй алдык. Эгер кайрылуулар болсо барып өз убагында боз үйүн тигип беришет. Кыскасы, мурдагыга салыштырмалуу аза кызматын көрсөтүү кыйла жакшырды. Бүгүнкү күндө “Түштүк-Батыш” көрүстөнүндө көмүү үчүн орундар боюнча жумуш китепчесине каттоо менен так эсеп жүргүзүлүп келет. Андан ары көмүү үчүн көр ээлеп коюуга тыюу салынды жана мекемеде тартип орнотулду. Таза, акыйкат, мыйзамдуу иш алып барууга аракеттенип жатабыз. Ушундан улам, мурункудай коррупциянын даамын татып алып, “агенттикке иштейбиз” деп жанталашкандардын саны кескин азайды, тагырагы, жокко эсе десек болот. Жандүйнөсү “соопчулук үчүн иштейбиз” деген эле кызматкерлер калды.

— Ошондо мурункулар кетип, жаңы жумушчулар келдиби?

— Бул жерде көп жылдан бери иштегендер бар, алардын ишин жогору баалайм. Кыш күрөөдө, жайдын аптабында күн-түн дебей кызмат кылышат. Андан сырткары, үй-жайы жок көчөдө каза болгон адамдарды соттук-медициналык экспертиза иликтеп, бир айдан кийин чыгарат. Ошол бир ай ичинде 20-30 суткага чейин жетип кеткен, өлүкканадан чыккан маркумдардын сөөгүн биздин мекеме гана акыркы сапарга узатат. Бир ай сакталган жансыз сөөктүн абалын элестетүү мүмкүн эмес. Мына ушундай кызматтарды кылып жаткан адамдарды эч качан каралоого болбойт. Адамды жерге берүү деген баары бир моралдык жактан оор. Ал эми биздин кызматкерлер күнүгө ушундай ишти аткарышат. Ошондуктан бизди каралагандар, мыйзамсыз иштерди жасагандар жоопко тартылса дейбиз! Өзгөчө былтыркы чыккан репортаждын кесепетинен биздин агенттикке көлөкө түштү. Бул моралдык жактан биздин имиджге туура келбейт. Андыктан окурмандарга айтаарым, Бишкек боюнча аза кызматын көрсөткөн бир гана биздин мекеме бар. Бул жерде иштегендердин иши өтө оор. Мекеменин аты моралдык жактан кишини басынтып турат. Бирок кылган кызматыбыз Кудай алдында сооптуу. Ушундан улам кызматкерлеримди жана жумушчуларымды моралдык жактан актагым келет.

— Биз билгенден сиз мамлекеттик кызматта 30 жылдан бери эмгектенип келесиз. Ушунча жылдык эмгегиңиз мамлекет тарабынан бааландыбы?

Туура, мамлекеттик кызматта эмгектенип келатканыма 30 жыл болду. Аны учкай айта кетсем, 1989-жылдан бери мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда, Фрунзе шаарынын Ленин райондук аткаруу комитетинин катардагы кызматкеринен баштап ар кандай жетекчилик кызматтарда иштедим. Мамлекет жетекчилиги ишеним көрсөтүп, 1995-жылдан 2001-жылга чейин Токтогул районунун башчылыгына, андан кийин Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясына, 2007-2009-жылдары Аксы райондук мамлекеттик администрациясын жетектөөгө жөнөткөн. 2009-жылдан 2017-жылдын ноябрына чейин Бишкек шаарынын мэриясынын Биринчи май районунун башчысы кызматын аркаладым. Бардык ээлеген кызматтарымда жетекчиликтин койгон талаптарын аткарууга болгон аракетимди жумшап, жүктөлгөн милдеттерди ийгиликтүү ишке ашырдым. 2008-жылы КРнын Ардак грамотасы менен сыйландым. Ошондой эле алгылыктуу эмгегимдин аркасы менен Бишкек шаарына ак кызмат кылганым үчүн орден, медаль жана башка көптөгөн ведомстволук төш белгилерине ээ болдум. Айыл чарбасынын, муниципалдык өз алдынча башкаруу кызматынын отличнигимин. 2013-жылы Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан “КРнын муниципалдык кызматына эмгек сиңирген кызматкер” ардак наамына көрсөтүлгөм.

— Кызматка көтөрүлүүгө бут тоскондор болду беле?

— Албетте, болгон. 2004-жылдын 5-майында бир тууганым, милициянын полковниги Чыныбек Алиевдин өлүмүнө катышкан мурунку бийликтин өзгөчө жакын адамдары саясий себептер менен менин кызматтык тепкичтен көтөрүлүшүмө жана мамлекеттик сыйлыктын берилишине тоскоолдуктар болгон.

Маектешкен Улара СЕЙДАЛИЕВА

P.S. Жогорудагы маекти биздин сайтка ( alakan.biz) Улара Сейдалиева аттуу жаш журналист кыз алып келген үчүн, кесиптешке тилектештик кылып чыгардык. Дагы эле болсо Алиев Аскер Тукешовичке суроолор көп… 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.