Улан Саляновдун сотун сот улам эле жылдырууда, бүгүн да жылдырды. Эмнеге?

Улан Саляновдун сотун сот улам эле жылдырууда, бүгүн да жылдырды. Эмнеге?

Экс-депутат Аида Салянованын бир тууган иниси, маркум Улан Саляновдун өлүмү боюнча соттук отурум 14-майда болмок, анда да айыпталуучунун адвокаты келбегени байланыштуу 24-майга жылган. Бүгүнкү сот отуруму дагы жылып калды.

Негизи соттук отурумду маркумдун туугандары 19-апрелден бери күтүп келатышат. Муну Аида Салянова да 14-майда баса белгилеп, соттон адвокаттын жоопкерчилигин кароо маселесин көтөргөн. Ал эми жабырлануучунун адвокаты кийинки соттук отурумга Ысык-Көлдүн мурунку прокурору Айбек Тукубаевди, тергөө ишине жетекчилик кылган Аблатовду күбө катары суроону соттон өтүнгөн. Сот өтүнүчтү канааттандырган. Бүгүн аты аталган адамдар сурак бермек. «Эмнеге улам жылууда? Дагы канча күтөбүз?»,- дейт жабырлануучулардын бири кабыргасы кайышып…

Эскерте кетсек, Улан Саляновдун өлүмү боюнча акыркы соттук отуруму 19-апрелде болгон. Анда кылмыш ишинде негизги күбө катары өтүп жаткан Олег Тярт көрсөтмө берген. Маркум Улан Салянов киши колдуу болуп каза тапкан. 2017-жылы 6-ноябрда Бишкектин четинде жайгашкан Көк-Жар конушундагы үйүнө кирип, аны атып кетишкен. Бул иш боюнча ИИМ кылмыш үчүн үч киши шек саналып жатканын кабарлаган, алар: Эрмек Осмонкулов, Асанэмир Абыкулов жана Заур Насруллаев.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.