Премьер-министр сунуштаган талапкер Чодуевди Токтогазиев КТРКга дебатка чакырды

Премьер-министр сунуштаган талапкер Чодуевди Токтогазиев КТРКга дебатка чакырды

Өткөн жумада төрт жетекчи отставкага кеткен. Алардын ордуна бүгүн премьер-министр М.Абылгазиев (ЖК мамлекеттик түзүлүш боюнча комитетине өкмөт мүчөлүгүнө) төрт талапкерди тааныштырды, алар: Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри кызматына Эркинбек Чодуев (учурда айыл чарба министринин орун басары); Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин жетекчилигине Дастан Догоев (учурда КР Президентинин кеңешчиси); Өкмөт аппаратынын министр рангындагы жетекчилигине Самат Кылжыев (учурда Өкмөт аппаратынын финансы жана насыя саясаты боюнча бөлүмүнүн жетекчиси); Экономика министри кызматына Санжар Мукамбетов (Финансылык көзөмөл жана отчёттуулук боюнча мамлекеттик агенттигинин төрагасы).

Айыл чарба министрлигине жаш ишкер, Кыргызстандагы Күнөсканалар ассоциациясынын төрагасы Тилек Токтогазиев өзүнүн талапкерлигин сунуштаган.  Анын сунушун колдобогон премьер-министр Эркинбек Чодуевдин талапкерлигин көрсөттү. М.Абылгазиевдин мындай сунушуна Т.Токтогазиев макул эместигин айтып, “Фейсбуктагы” өзүнүн баракчасына мындай деп жазды. “Менин 6-атам  Кашкар баатыр, ал 18 жашында 1847-жылы «Баатыр» наамына ээ болгон. Кыргыз жерин сактап калганга өзүнүн чоң салымын кошкон. Мен быйыл 29 жашка толом. Он жылдан ашык бизнесте тажрыйбам бар. 2 миң сом менен ишти баштап, азыр миллиондук долбоорлорду ишке ашырып жатабыз. Эларалык долбоорлорду дагы ишке ашырып жүрөбүз. Жашты карабай, стратегияны, программаны, тажрыйбаны бааласа жакшы болот эле. Мен системанын кишиси эмесмин. Системаны түп тамыры менен өзгөртөм. Тилекке каршы, премьер-министр системанын кишисин колдоду. Ал киши 5 жылдан бери Айыл чарба министрлигинде министрдин орун басары болуп иштеп жүрөт. Кризиске алып келген команда. Булар жоопкерчиликти алыш керек. Ошол үчүн, мен расмий түрдө Чодуев Эркинбек байкени ачык дебатка КТРКнын эфирине чакырам! Эл өзү тандасын!”

Жаш ишкердин өмүр баяны

28 жаштагы Тилек Токтогазиев 1990-жылдын 26-декабрында Бишкек шаарында туулган. Жогорку билимдүү. 2013-жылы Кыргыз-Россия славян университетин аяктаган. Ал алгачкы ишин сүт коктейлдерин сатып баштаган. “Лависта” ишканасын жана “Жашыл чарба» компаниясын негиздеген. Күнөскананы түптөгөн. Кылган эмгеги сыйлыкка татыган, алсак, ал 2017-жылы «Аракет — 2016» улуттук сыйлыгына «Жылдын эмгекчили» номинациясына татыган. Ошол эле жылы, андагы ажо Алмазбек Атамбаевдин колунан «Экономикага кошкон салымы үчүн» Ардак грамотасын алган. Учурда Кыргызстандын күнөсканалар ассоциациясын жетектейт. Үй-бүлөлүү, бир уул, бир кыздын атасы.

Чодуевдин тамчы өмүр таржымалынан…

Эркинбек Чодуевди учкай тааныштыра кетсек, ал 1963-жылы 25-ноябрда Ош облусунун Кара-Суу районунда туулган. Жогорку билимдүү. Бир эмес, үч жогорку окуу жайын бүтүргөн. Политехникалык институтту (азыркы КТУ) аяктап, инженер-куруучу адистигине ээ болгон. КМУну бүтүрүп, экономист кесибине ээ болуп, ушул эле университетте окуп, юриспруденция адистигине ээ болгон. Эмгек жолун “Ошкурулуш” мекемесиндеги мастерликтен баштаган. Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине 2014-жылы келген. Министрдин орун басары болуп эмгектенип келатканына 5 жыл болду.

Мына ушундай, окурман! Эки талапкерди учкай тааныштырдык. Жаш ишкердин кылган ишин жакшы билгендиктен, анын талапкерлигин коомчулук (соцтармакта) колдоду эле. Тилекке каршы, өкмөт башчы аны жаш деп койду. Ошондон улам, жаш ишкер анын чечимине макул болбой, Чодуевду дебатка чакырып жатат. Анын чакыруусун ал кабыл алабы, же жокпу, аны бир Кудай билет деңизчи.  А бирок, премьер-министрдин сунушу четке кагылбай, министр болуп келээри турган иш.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.