Аскаров күндө намазында Атамбаевди каргаса, Атамбаев ал башын оорутуп бүткөнүн айтып…

Аскаров күндө намазында Атамбаевди каргаса, Атамбаев ал башын оорутуп бүткөнүн айтып…

2010-жылдагы Ош коогалаңына байланыштуу өмүр бою эркинен ажыратылып, түрмөгө кесилген укук коргоочу Азимжан Аскаров Жалал-Абаддын Базар-Коргон райондук милициясынын башчысы Азизбек Өскөнбаевге кайрылганы боюнча маалымат тарады. Маалыматка караганда, ал Мыктыбек Сулаймановдун өлүмүнө (2010-жылы, Ош коогалаңында милиция кызматкери Мыктыбек Сулайманов өлтүрүлгөн – авт.) тиешеси жок экендигин айтып, өзүнө коюлган күнөөнү толугу менен четке каккан. Андан тышкары, ал ага каршы көрсөтмө берген 17 адамга Куран карматып кайталап айттырууну А.Өскөнбаевден суранып, аларды каргаарын айткан: «Мага каршы жалган көрсөтмө бергендердин баарын күн сайын намазда каргайм. Саясатчыларды, Атамбаевди да каргайм».

АТАМБАЕВ: “Аскаровдун жөнүндө бир да жолу уккан эмесмин”

Деп 2017-жылдын 18-февралында айткан. Андагы ажо Алмазбек Атамбаев Германияга иш сапары менен барып, Азимжан Аскаровдун иши анын дагы башын оорутканын Euronews телеканалына берген маегинде билдирген. “Ушунча жылдан бери Аскаровдун иши менин дагы башымды оорутуп бүттү. Мен 15 жылдан ашык оппозицияда жүрдүм, бирок, укук коргоочу Аскаров жөнүндө бир да жолу уккан эмесмин. Биз АКШнын аскер базасын өлкөдөн чыгаргандан кийин эле анын аты чыга баштады. Бул маселеде саясий боектор бар«, — деген А.Атамбаев.

Артка сереп салсак…

Ал эми укук коргоочулар Турсунбек Акун, Төлөйкан Исмаиловалар кимдин укугун болбосун коргоп келишет. А.Аскаровдун укугун коргоп, кезегинде алар сөздөрүн айтышкан. Т.Акун А.Аскаров менен 2011-жылдын 28-декабрында түшкөн сүрөтү дагы деле социалдык тармактарда илинип турат. Сүрөт ошол жактан алынды.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.