Мухаммедкалый АБЫЛГАЗИЕВ: “Талапкерлерди өзүм тандап алып келдим, уят болбогондой иштейбиз”

Мухаммедкалый АБЫЛГАЗИЕВ: “Талапкерлерди өзүм тандап алып келдим, уят болбогондой иштейбиз”

Бүгүн, 29-майда, парламентте төрт жетекчи кызматка бекиди. Самат Кылжыев — өкмөттүн аппарат жетекчиси, Санжар Муканбетов — экономика министри, Эркинбек Чодуев — айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри жана Дастан Догоев маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин төрагасы болуп шайланды.

Төрт талапкердин өткөнүнө сүйүнгөн премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев аларды ушул кызматка өзү алып келгенин жашырган жок.  “Талапкерлерге ишенип, өзүм тандап алып келдим. Силер мага ишенип атасыздар, эми ишеничти чогуу актайбыз. Эл алдында уят болбогондой иштеп, бардык күчүбүздү, тажрыйба менен билимибизди жумшайбыз!”,- деп депутаттардын алдында убада берди.

Буга чейин Айыл чарба министрлигине жаш ишкер Тилек Токтогазиев талапкерлигин көрсөткөн эле. Ал кечээ премьер-министрдин тандаган талапкерине макул болбостугун айтып, Э.Чодуевди дебатка чакырган. Толугун бу жердеги ШИЛТЕМЕден окусаңыздар болот.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.