СӨЗСҮЗ КӨРҮҢҮЗ: Матраимовдордун байлыгын журналист бир заматта иликтеп, чиновниктердин жүзүн ачты (ВИДЕО)

СӨЗСҮЗ КӨРҮҢҮЗ: Матраимовдордун байлыгын журналист бир заматта иликтеп, чиновниктердин жүзүн ачты (ВИДЕО)

Матраимовдордун эбегейсиз байлыгы эл оозунда айтылып эле келет. Бирок, алардын байлыгын  текшерүүгө тиешелүү мекемелер даап бара албай жатканы кашкайган чындык. Ал эми “Азаттык” радиосунун кабарчысы, журналист Али Токтакунов Матраимовдордун байлыгын (Финпол иликтегенче) бир заматта иликтеп, ачыктап чыкты. Буга чейин текшерүү керектиги айтылып келгени менен кечээ жакында эле, 28-майда, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматына (Финпол) Матраимовдун мүлкүн текшерүүнү тездетүү керектигин айткан. Ал эми Финпол кечээ, 29-майда “Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райым Матраимовду мыйзамсыз байыган” деген маалыматтын тегерегинде сотко чейинки териштирүү иштерин баштаганы боюнча билдирүү тараган. Бул ВИДЕОдо кесиптешибиз Финполдун жетекчисинин орун басары Эмил Жамгырчиевге кайрылып, териштирүүнүн убактысын сураса, “аны айталбайбыз” деп кесе жооп берген. Ал эми кесиптешибиз алар иликтегенче, бир заматта иликтеп, факты менен баарын ачыктап салды. Көрүп, уксаңыз оозуңуз ачылат. Сөзсүз көрүп, бөлүшүп коюңуз! Себеби, бул жерде имиштердин бардыгы кагаз жүзүндө такталган. Баса, көп нускалуу «Супер инфо» гезити Матраимовдорго сатылган-сатылбаганын аталган гезгиттин ээси Султан Кылыч айтканча, кесиптешибиз айтып салды.

Ар бир чиновник ушинтип байып жатса, анан кантип экономикабыз өнүксүн да, кантип коррупция жоюлсун?!

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.