Элчи Эдил Байсалов ооруканада ооруп жаткан Өндүрүш Токтонасыровго барып, батасын алды

Элчи Эдил Байсалов ооруканада ооруп жаткан Өндүрүш Токтонасыровго барып, батасын алды

Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров агабызды ким гана тааныбайт. Чынында Кыргызстанга күйгөн, мекенин, элин сүйгөн мындай адам жок. Кыргызстанга коркунучтуу, кооптуу маселелерге сөзсүз үн кошот, коркпой көчөгө пикетке чыгат. Эл менен да. жалгыз өзү чыкканына күбө болуп жүрөбүз. Ушул асыл адамдай апасын караган киши аз болсо керек. Өндүрүш агабыз апасын караганга да, нааразычылык акцияга чыгууга да жетишип жүрдү.

Эми ушундай, чоң тамгалуу алтын адамыбыз катуу ооруп калып, ооруканада жатканына бир апта болду. Алдыңкылардан болуп баягы эле активист жигиттерибиз: Мавлян Аскарбеков, Аманбол Бабакуловдор барганда сүйүнүп жашып да кеткенин жашырбай “Фейсбуктагы” өзүнүн баракчасына жазган. Эми бүгүн жаңы эле элчи болгон Эдил Байсалов ал-акыбалынан кабар алып барса, анын кызматын куттуктап, батасын бериптир. Бүгүн атасына куран окуткан экс-омбудсмен Кубат Оторбаевге да көңүл айтып атат. Ушундай алтын адамсыз да, өзүңүз ооруп жатсаңыз да, элдин көңүлүн алып, Кыргызстанда болуп жаткан “сасык” саясатка да үн кошуп жатасыз. Биздин ардактуу, алтын байкебиз, бар болуңуз, эртерээк сакайып чыгып, кайрадан биз менен бир болуңуз!

Өндүрүш ТОКТОНАСЫРОВ: “Балет бийчиси болуп кала жаздагам”

Өндүрүш Токтонасыров байкебиз жөнүндө билгиңиз келсе, бу жердеги ШИЛТЕМЕни окуңуз!

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.