Өмүрбек Текебаев кайрадан кардиологияга түштү… Ооруканадан ары үйүнө чыгышын талап кылабыз!

Өмүрбек Текебаев кайрадан кардиологияга түштү… Ооруканадан ары үйүнө чыгышын талап кылабыз!

Эск-депутат, «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев №47 түрмөдөн Бишкектеги М.Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборуна бүгүн которулду. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) өкүлү Элеонора Сабатарова журналисттерге билдирди. Анын айтымында, Ө.Текебаев жарым жылда бир жолу ооруканада дарыланып, дарыгердин кароосунан өтүп турушу керек. Текебаев кардиологияга былтыр декабрда жатып, дарыланган. Ооруканада жатканда анын 60 жылдыгы белгиленген. Мааракеден соң аттуу-баштуу саясатчылар ооруканага барып, туулган күнүн куттуктап, каалоо-тилектерин айтып, бата беришкен.

Бул бийликтен да үмүт үзүлдү

Эскерте кетсек, Өмүрбек Текебаев менен анын партиялашы Дүйшөнкул Чотонов 2017-жылы орусиянын жараны, шылуун Леонид Маевскийден (учурда ал түрмөдө) «1 миллион доллар пара алган» деген жалган көрсөтмөсүнүн негизинде «Коррупция» беренеси менен айыпталып, сегиз жылга соттолгон. Текебаев менен Чотонов өздөрүнө коюлган айыптарды четке кагып, жалган жалаа экенин баса белгилеп айтып, муну саясий куугунтук катары баалап келишет. Ал эми экөөнүн адвокаттары дагы кагаз жүзүндө алардын күнөөсү жок экендигин тастыктап берсе да, 20дан ашуун белгилүү инсан жалгандыгы тууралуу күбө болсо да, аны сот эске албай, бир шылуундун сөзү менен камап салган. Эми сот андагы ажо Атамбаевдин буйругун аткарганы айтылып, жазылып келет. Жаңы бийлик келип, акталат го десек, бул бийлик деле ушул күнгө чейин кармашууда. Саясатчылардын жактоочулары буга чейинки инстанциядагы чечимдердин баарын жокко чыгарып, ишти кайра кароого жөнөтүүнү суранган, бирок сот мындай өтүнүчтү четке каккан. Ушул жылдын 3-майында Жогорку сот Өмүрбек Текебаевдин жана анын партиялашы Дүйшөнкул Чотоновдун ишин карап, аларга карата чыккан сот өкүмдөрүн өзгөртүүсүз калтырган. Чынын айтканда, бул бийликке да ишенбей калдык. Ошентсе да, партиялаштары, жактоочулары, колдоочулары боштондукка чыгышын байма-бай талап кылып келет. Биз дагы мындай талапка кошулуп келгенбиз жана кошула бермекчибиз. Себеби, Өмүрбек Чиркешович чындыкты ачык айтканы үчүн абакта отурат. Ошондуктан ооруканадан ары Өмүрбек Чиркешовичтин үйүнө чыгышын талап кылабыз! Анткени, кайдагы бир шылуундун жалган жалаасы менен, кекчил бир адамдын буйругу менен темир тор артында күн өткөрүүдө. Калыстык, адилеттүүлүк деген кайда?

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.