МОЛДОКМАТОВ: “Матраимов боюнча иликтөөдөн соң, анын тоюна барган депутаттар мандатын тапшырып, кетип калышы керек!”

МОЛДОКМАТОВ: “Матраимов боюнча иликтөөдөн соң, анын тоюна барган депутаттар мандатын тапшырып, кетип калышы керек!”

«Замандаш» партиясынын төрагасы Жеңиш Молдокматов «Марал» радиосуна барып, жакшы маек куруп бериптир. Анда ал парламентти таркатууга убакыт келгенин, премьер-министр М.Абылгазиев отставкага кетиши керектигин айтыптыр. «100 миңден ашуун жаран үйүндө нан-чайы жок отурат. 5-6 баласы менен сарай, кепеде жашагандары көрүп туруп, Абылгазиевдин бажасы Иманкадыр Рысалиев уулун Германиядан чакырып кызматка коюп жатат. Ал эми өкмөт башчы бул маалыматтарды «фейк» катары карашы уят. Абылгазиевдин отставкасын кабыл албаган парламентке «Баракелде!» деп, батабызды биришибиз керек. Мен ушунчалык аргасыз, алсыз парламентти биринчи жолу көрүшүм. Баары президенттин көзүн карап отурушат. Коңшу Өзбекстан айыл чарба унааларын, жеңил унааларды чыгарууга жетишти. Кыргызстан жадагалса, калемдин сыясын чыгара албайт. Андыктан, өлкөгө мындай өкмөттүн кереги жок», — дейт Ж. Молдокматов.

Андан тышкары, ал дүң болуп жаткан Матраимовдордун миллиону жөнүндө да туптуура айткан. «Райымбек Матраимов боюнча жарыяланган иликтөөдөн соң, депутаттар, өзгөчө Матраимовдордун тоюна баргандар мандатын тапшырып, кетип калышы керек. Бирок мындай кадамга баруу үчүн алардын эрки жетпейт», — дейт Ж.Молдокматов.

Матраимовдун тоюна барган депутаттар

Эскерте кетсек, Ош облусунун Кара-Суу районунда 9-май — Жеңиш күнүнө, ошондой эле Исмаил Матраимовдун жаркын элесине арналган волейбол жана футбол турнири 1-майда өткөн. Аталган иш-чарага Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков баш, депутаттар төш болуп, баса, биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов да катышып, коомчулуктун сынына катуу кабылган. Ал эми журналисттер болсо, сессияга ошентип барышпаарын, маанилүү маселе көтөрүлгөндө парламентте кворум жок болгонун жазып чыгышкан. А чынында ошондой, ага алар чычалабай деле койсо болот. Бул ачуу чындык.

Сурабалдиева Финполду “суракка” алды…

Жогоруда Жеңиш Молдокматов айткандай, парламентти тарата турган учур келди. Мына кечээги сессияда Матраимовдун миллиону жөнүндө кеп козгогонго бир да эркек жараган жок. Дагы да болсо депутат Элвира Сурабалдиева Финполициясынын орун басары Эмил Жамгырчиевге ыңгайсыз суроолорду берип, жарга такады. Аны төмөнкү ВИДЕОдон көрүңүз!

Шок кылган ВИДЕО

Белгилей кетсек, кечээ ушул маалдан баштап элди дүрбөлөңгө салган Матраимовдордун миллионунун бети ачылган видео чыгып, дагы эле кызуу талкууда. Шок кылган видеону бу жердеги ШИЛТЕМЕден көрсөңүздөр болот!

Бул иликтөөгө депутаттар реакция кылган жок,  президент эмне дейт болду экен?

Ушул тапта иш сапары менен чет өлкөдө жүргөн президент Сооронбай Жээнбеков деле мындай шумдук жаңылыкты укса керек. Эми Кыргызстанга кайтып келгенден кийин, бул көйгөйлүү маселе боюнча эмне деп, кандай тыянакка келет болду экен? Депутаттар го реакция кылган жок. Президенттин реакциясы элге кызык болуп турган чагы.

Эскерте кетсек, президент 28-29-майда Нур-Султан шаарындагы Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин мааракесине катышып,  Назарбаев ордени менен сыйланды. Бул орден «Евразия экономикалык интеграция идеясынын 25 жылдыгына, ошондой эле ЕАЭБдин түзүлгөндүгүнүн 5 жылдыгына байланыштуу жана Казакстан менен алаканы тереңдетүүгө кошкон салымы үчүн» ыйгарылды. Сыйлыкты Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаев өзү тапшырган. Президент кечээ, 30-майда Индияга барса, бүгүн, 31-майда Сауд Арабиясынын падышасы Салман бин Абдел Азиз Аль Сауддун чакыруусу менен Сауд Арабиясына учат жана Мекке шаарында өтө турган Ислам Кызматташтык Уюмунун XIV саммитине катышат. Саммиттин кезектеги сессиясы уюмдун түзүлгөндүгүнүн 50 жылдыгына арналып, «Келечек үчүн бирге» деген чакырык алдында өтөт.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.