Аида КАСЫМАЛИЕВА: “Барак Обама кызыктуу, кыйын инсан экен”

Аида КАСЫМАЛИЕВА: “Барак Обама кызыктуу, кыйын инсан экен”

Бүгүн, 1-июнда вице-спикер Аида Касымалиева балдардын майрамы менен куттуктап, Американын мурунку президенти Барак Обама менен жолугушканын, эмоциясын «Фейсбуктагы» баракчасына жазып чыкты. Бирок, ал жакка эмне үчүн барып, кандайча Обамага жолугуп калганын түшүнбөгөндөр да болууда… Анда эмесе, Аида айымдын Канадага эмнеге барганынан кепти баштайлы.

Саммитке эки миңден ашуун делегация катышты

29-31-майда Канаданын борбору Оттава шаарында “Ачык өкмөт” (“Ачык өкмөт” өнөктөштүгүнө (OGP) Кыргызстан 2017-жылы мүчө болгон — авт.) өнөктөштүгү (OGP) эл аралык демилгесинин Глобалдык саммити болуп өтүп, ага ар кайсы өлкөдөн (эки миңден ашуун) делегация барганын, биздин мамлекеттен вице-спикер Аида Касымалиева баштаган парламенттин, Өкмөттүн жана жарандык коомдун өкүлдөрү барып, катышканын Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди. Алардын билдирүүсүнө караганда, Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Аида Касымалиева “Ачык өкмөт” өнөктөштүгү (OGP) долбоору менен парламенттин ишмердүүлүгү ортосундагы байланыштар тууралуу баяндама жасаган. Анын ичинен парламенттик-демократиялык өнүгүү жолун тандап Кыргызстанда парламенттин ишинин ачык-айкындуулугун арттырууга өзгөчө басым жасалып, Жогорку Кеңеш менен жарандардын ортосундагы тыгыз байланышты камсыздоого багытталган маанилүү иш-аракеттер жүргүзүлүп жатканы белгиленген. Ошондой эле Аида Касымалиева электрондук петиция ыкмасын киргизүү өңдүү бир катар демилгелер сунушталып, тиешелүү мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилип баштаганын кошумчалаган. Мындан тышкары, саммиттин алкагында Аида Касымалиева баштаган Жогорку Кеңештин делегациясы “Ачык өкмөт” өнөктөштүгүнүн (OGP) катчылыгынын жетекчилери менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрүп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.

Жолугушуудагы эмоция…

Жолугушуудан чыккан соң, Аида Касымалиева “Фейсбуктагы” баракчасына сүйүнүчүн жазып, сүрөттөрдү жайгаштырды. Анда мындай деп жазган, аны эч өзгөртүүсүз беребиз. “Барак Обама менен жолугушуудан жаңы эле чыгып, сиздер менен бөлүшүп коеюн дедим. АКШнын экс-президенти азыр Оттава, Канадада өтүп жаткан “Ачык Өкмөт” өнөктөштүгү глобалдык саммиттин алкагында Аргентина, Эстония, Украина, Кения, Ооганстан, Канададан келген жаш лидерлер менен жолугуп, баарлаштык. Барак мырза мен күткөндөн алда канча кызыктуу, кыйын инсан экен. Бөлмөгө кофесин көтөрүп алып, акырын басып кирип, дароо баарыбызга атыбызды айтып, өмүр бою ар бирибизди билгендей сезим калтырды. Бир саат кантип өткөнүн деле сезбей калдым. Айтор, эмоция көп! Канадада өтүп жаткан саммитте дүйнө жүзү боюнча тандалып алынган лидер аялдар тууралуу тасманын бет ачары болуп, анда сөз сүйлөдүм. Тасмага мен да тартылган элем”,- дейт Аида айым.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.