Өмүрбек Текебаевдин энеси Тилла апа бүгүн баласын көргөнү келиптир. “Балам жөн эле жаманатты болуп калды” деп ыйлап… (ВИДЕО)

Өмүрбек Текебаевдин энеси Тилла апа бүгүн баласын көргөнү келиптир. “Балам жөн эле жаманатты болуп калды” деп ыйлап… (ВИДЕО)

Өмүрбек Чиркешович түрмөдөн кардиологияга дарылануу үчүн 31-майда которулган. Ал боюнча бу жердеги ШИЛТЕМЕден окусаңыз болот.

Ооруканада жаткан баласын уккан эне жөн турабы, бүгүн Бишкекке келиптир. Мындай кабарды Өмүрбек Чиркешовичтин тарапташы Чыңгыз Сатаров “Фейсбуктагы” баракчасына жазып, сүрөтүн койду.

Депутаттар Тилла апага барып, уулу жөнүндө айтып…

Мындан үч ай мурун, 4-мартта “Ата Мекен” фракциясынын депутаттары Ошко Тилла апага барып, ал-акыбалын сурап, баласы жөнүндө жаңылык айтышкан. Ага деле эне болобу, “балам болбогон жерден жаманатты болду да”, — деп ыйлап… 90 жаштагы апанын жашыганын көрүп жүрөк ооруйт. Аны ВИДЕОдон көрүңүз!

Өмүрбек Чиркешовичтин апасы жөнүндө айтканын бу жердеги ШИЛТЕМЕдин окусаңыз болот.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.