Майрам АПА, Аида Салянованын энеси: “Кызымды куткаруу үчүн таманым тешилгенче чуркайм” (ВИДЕО)

Майрам АПА, Аида Салянованын энеси: “Кызымды куткаруу үчүн таманым тешилгенче чуркайм” (ВИДЕО)

Мурдагы күнү камакка алынган мурдагы баш прокурор Аида Салянованын баш коргоо чарасы кечээ Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралмак, бирок, болбой калып, бүгүнкүгө жылган. Эки күндөн бери Аида Жеңишбековнанын апасы, туугандары, тарапташтары, саясатчылар, журналисттер соттун алдында. Кабыргасы кайышкан эне (Майрам Жусуповна) күйүп-бышып, кызынын актыгын айтып, президент Сооронбай Жээнбековго кайрылып, калыстык менен карап берүүсүн өтүнгөн. Ал төмөндө:

Майрам апа жөн апа эмес…

Майрам апа Өмүрбек Текебаевдин мааракесинде бата берип, ыр жазган. Аны бу жердеги ШИЛТЕМЕден окусаңыз болот. “Ишенемин мезгил болот тараза, Ак-караны ылгай турган жанаша»,-деп апа жазгандай, ак-караны ылгай турган мезгил, кызыңыз актала турган учур келет.

Созулган сот

Бүгүн да эртең мененки саат тогуздан баштап Биринчи Май райондук соттун алдындагы имараттын алдында апасы, туугандары, тарапташтары турат. Алигиче жооп жок. Ал эми «Ата Мекен» партиясындагылар жана адвокаттары үй камагына чыгаруу тууралуу өтүнүч келтиргени турушкан, аны сот кандай кабыл алганы боюнча белгисиз бойдон калууда… Көрүнүктүү, белгилүү саясатчылар да колдоп имараттын алдына келишти.

Чынара ТУРДАЛИЕВА: “Эжемдин актыгына ишенем”

Аида Салянованын сиңдиси Чынара Турдалиева эжесинин эч жакка качпагандыгын айтты: “Эжем эч жакка качпайт, качса эбак качып кетмек. Өзүңөр жакшы билесиңер, үч жылдан бери эжеме куугунтук болуп эле жатат. Үч жашар чычкандай кызы бар. Ооруп да жаткан болчу, ден соолугунун абалы да эске алынышы керек. Бүгүн сот ушунун баарын эске алышы керек. Эжем таза, ак иштеди, анын Батукаевге эч кандай тиешеси жок, мен ага бөркүмдөй ишенем”,-дейт Ч.Турдалиева.

Ч.Турдалиеванын кармалган күндөгү эжесинин кармалган күндөгү айтканын бу жердеги ШИЛТЕМЕден окуп, видеону көрө аласыздар!

Эскерте кетсек…

Аида Салянова кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча 3-июнда кармалып, 48 саатка камакка алынган. Батукаевдин бошотулганын ал өлкөдөн чыгып кеткенден кийин гана билгенин мурдараак «Азаттыкка» айткан эле.

Атамбаев менен Рысалиев эмнеге камалбайт?

Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыгып кетишине байланыштуу кылмыш иш быйыл кайра иликтене баштагам. Четинен камалып да жатышат. Бирок, эң башкы буйрук берген киши, аны так аткарган адамдар боштондукта жүрөт. Мисалы алты жыл мурунку президент Алмазбек Атамбаев буйрук бергени, аны андагы Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын мурдагы жетекчиси, азыркы депутат Зарылбек Рысалиев аткарганы айтылып эле жатат. Бул иш боюнча Рысалиев сурак берген, ал эми Атамбаев бир дагы жолу суракка чакырыла элек. Экөө эмнеге камалбай жатканына Аида Салянованын тарапташтары капа болуп, суроо салып келет. Чынында эле бул чоң суроо.

Алмамбет ШЫКМАМАТОВ: «Үй камагына чыгарууну өтүнөбүз»

Аида Салянова боюнча ким жалган айтып, көрсөтмө бергени боюнча депутат Алмамбет Шыкмаматов ошол эле күнү (3-июнда) ачык айткан. Ал ВИДЕОну төмөндөн көрүңүз!

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.