Сооронбай Жээнбеков борбордук мечитте, Алмазбек Атамбаев Арашандагы мечитте намаз окуду…

Сооронбай Жээнбеков борбордук мечитте, Алмазбек Атамбаев Арашандагы мечитте намаз окуду…

Бүгүн, Орозо айт майрамы. Президент Сооронбай Жээнбеков Орозо айт намазын Бишкек шаарынын борбордук мечитине барып окуганы тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди. Алардын билдирүүсүнө караганда, президенттин бүгүнкү куттуктоосун Эски аянтындагы Айт намазда президентинин аппаратынын жетекчиси Досалы Эсеналиев окуп берген. Анда мындай деп жазылган:

“Ардактуу мусулмандар!

Сиздерди жандүйнөнү аруулантууну, ынтымакты жана мээримдүүлүктү тартуулаган Орозо айт майрамыӊыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм! Орозо айында жакшы ниет, аруу тилектер айтылып, соопчулук иштер жасалды. Жандүйнөбүз тазаланып, адал аракеттер арбын болуп, адамдар бири-бирине жакшылык тартуулады.

Касиеттүү Орозо Айт — дүйнөдөгү бардык мусулмандардын ыйык майрамы. Бул күн руханий тазалыкты жана аруу ниетти, мээримдүүлүктү жана соопчулукту даңазалайт.

Урматтуу мекендештерим!

Кыргызстандын аймагында түрдүү этностордун, маданияттардын, диндердин өкүлдөрү байырлашат. Биз баарыбыз ынтымакта жанаша жашап келе жаткан, бири-бирибизге тирек болгон тагдырлаш, тилектеш бир эл, бир журтпуз. Жергебизге Жараткан кут кондуруп, ар бир үйдө бак-таалай, береке  болсун! Элибиздин биримдиги жана ынтымагы бекемделип, сүйүктүү өлкөбүздүн жаркын келечегин чогуу куралы. Жараткан ыйык Орозо айында ниет кылган жакшы тилектерибизди кабыл кылсын. Ар бир үй-бүлөгө, мекенибизге жакшылык, кубаныч, тынчтык, ынтымак, биримдик жана молчулук берсин.

Орозо айтыңыздар маарек болсун!»

Ал эми мурунку президент Алмазбек Атамбаев…

 

КСДП партиясынын басма сөз кызматынын билдирүүсүнө караганда, экс-президент Алмазбек Атамбаев өзүнүн айылы — Чүй облусунун Арашан айылындагы мечитте Айт намазына катышып, андан кийин “Ата-Бейит” мемориалдык комплексине барып, 2010-жылы Апрель окуясында каза болгондорду эскерип, аларга багыштап куран түшүргөн.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.