Отунбаевага оодарылган жалааны Каптагаев четке кагып, туурасын айтты (ВИДЕО)

Отунбаевага оодарылган жалааны Каптагаев четке кагып, туурасын айтты (ВИДЕО)

Кечээ, 5-июнда, “Одноклассникке” кимдир бирөө “7-апрелде атууга Отунбаева буйрук берген” деген маалыматты жазып, видео жайгаштырды. Ал социалдык тармактарга тарап жаткан, сөз болуп жаткан учуру. Ошол ушак-айың боюнча, 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн мүчөсүнүн бири — Эмилбек Каптагаев өзүнүн “Фейсбуктагы” баракчасына түшүндүрүп, туурасы кандай болгонун, ошол учурда кабарланган кабарчылардын ВИДЕОсун жайгаштырды. ВИДЕОну көрүп, Э.Каптагаевдин жазганын окуп, түшүнүп, анан жыйынтык чыгарыңыз, урматтуу окурман! Эмилбек мырза кандай жазса, так ошондой бердик, ал төмөндө.

“Карандай калпты жазып жаткандарга жооп”

Роза Исаковнаны каралоо, элге туура эмес пикир таркатуу максатында: «…7-апрелде атууга буйрук берген…» — деген бурмаланган маалыматты, так айтсак, ушакты таратып, карандай калпты жазып жаткандарга жооп иретинде…

Туура, Убактылуу Өкмөт өлкөдө туруктуулукту орнотуу, талап — тоноочулукту, зөөкүрлүктү токтотуу боюнча ошондой чечим кабыл алган, Роза Исаковнанын эрки жеткен ошондой кадамга барууга… Берилген ошондой буйрук — мародерлер менен атайын провокация жасап тополоң чыгарып жаткандарды аткыла деп… Ошол күндөрү Жаныш менен Максим Бакиевдердин “кандай болсо да тополоң чыгарып туруу зарыл” деп телефондо сүйлөшүп жатышканын элдин баары уккан… Андай провокаторлор менен бекер оокат табабыз деген талоончулар толтура болчу ал күндөрү…

Роза Исаковнанын ошондой чечкиндүү кадамдарынын аркасында 2010-жылдын апрель айындагы Маевкадагы тополоңдү, июнь айындагы Ош менен Жалал-Абаддагы тополоңду басууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн, күч түзүмдөрүнө, алардын кызматкерлеринин ишеними көтөрүлгөн, аларга дем берилген…

Ошондой буйрук 7-апрелде берилген деп карандай калпты жазып, таратып жаткандардын кыргызча айтканда, жолдору болсун, жазасын Жараткан өзү берсин!”,-деп жазган Эмил Каптагаев.

Эмилбек Каптагаевдин койгон ВИДЕОлору:

Маевкадагы баш аламандык боюнча кабар (апрель, 2010-ж)

Ош коогалаңы боюнча кабар (июнь, 2010-жыл)

Эмилбек КАПТАГАЕВ: «Убактылуу Өкмөт жоопкерчиликти албаганда, эмне болот эле?»

2010-жылдын 7-апрелинде Э.Каптагаев кайда болгону, Убактылуу Өкмөт кандай чечим чыгарып, кандай иш алып баргандары боюнча билгиңиз келсе, бу жердеги ШИЛТЕМЕден окуңуз!

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.