ТИМ элчинин үстүнөн Түркияга нота жөнөтсө, Абылгазиев Абдраимовдун маселеси карала турганын айтты

ТИМ элчинин үстүнөн Түркияга нота жөнөтсө, Абылгазиев Абдраимовдун маселеси карала турганын айтты

Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Түркиянын Бишкектеги элчиси Женгиз Камил Фыратты КРнын улуттук мыйзамдарын сыйлоого чакырып, анын үстүнөн Түркияга нота жибергени тууралуу бүгүн (6-июнда) ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүгө караганда, бүгүн Женгиз Камил Фырат Тышкы иштер министрлигине чакырылган. Ал эми Түркияга жөнөтүлгөн нотада кечээ, 5-июнда Сокулук районунун Орок айылындагы жарандарынын ортосундагы жаңжалды жөнгө салуу боюнча укук коргоо жана жергиликтүү органдарынын жүргүзүп жаткан иштерине элчинин барышы ички ишке кийлигишүү катары бааланганы жазылган. Андан тышкары, аталган министрлик Түркия Республикасынын элчисин өз аракеттери менен Кыргыз Республикасынын ички иштерине кийлигишпөөгө, сабырдуулук көрсөтүп, Кыргыз Республикасынын улуттук мыйзамдарын сыйлоого чакырган.

Женгиз ФЫРАТ, элчи: “Кызматкерибизди алып кетүүгө келгенбиз”

Кечээ кечинде Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камил Фырат Орок айылына барып, жергиликтүү тургундар менен жолуккан. Анан аны акырын, сылык-сыпаа ИИМ министринин орун басары Курсан Асанов узатып койгон. Элчи ал жерге эмнеге барганын “АКИпресстин” журналисти сураганда, ал себебин айтып берген. Аны төмөнкү ВИДЕОдон көрүңүз!

Эскерте кетсек, кечээ Орок айылында эки улуттун ортосунда чыр-чатак чыккан. Ал жерге кимдер барганын, чатак эмнеден чыкканы боюнча бу ШИЛТЕМЕден окуп, ВИДЕОну көрүңүз!

АБДРАИМОВ: “Мен нервничитеткенде күлөм, ал кыздан кечирим сурабайм”

Сиздер жогоруда Орок айылындагы окуяга барып, журналистке ороңдогон губернатордун видеосун көрдүңүздөр. Ошого байланыштуу бүгүн, 6-июнда Чүй облустук администрациясынын алдында активисттер жана журналисттердин митинги болуп өттү. Алар кабинетине барып, жолугушууга аракет кылышты. Акыры губернатор журналисттердин алдына чыгып, жооп берди. Аны бу жердеги ВИДЕОдон көрүңүз!

Өкмөт башчы өкүнүү менен кабылдаптыр…

Басынтып, шылдыңдаган журналист кыздан губернатордун кечирим суроосун кесиптештер талап кылса, ал сурабайм деп туруп алды. Аягында чыгып кетти. Губернатордун бул жоругуна өкмөт башчы эмне дээр экен, кандай чара колдонот деген ниет менен Мухаммедкалый Абылгазиевге барууну чечишти. Кабыргасынан коюлган маселе боюнча өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү Туйгунаалы Абдраимовдун аракеттерине баа берүү маселеси карала тургандыгы тууралуу премьердин басма сөз катчысы Адилет Султаналиев билдирди. Ал «өкмөт башчы жогорку деңгээлдеги аткаминердин жана журналисттин айланасындагы бул инцидент бийликтин бардык аткаруу бутагына көлөкө түшүрүп жатканын» өкүнүү менен кабылдаганын айтты. Кызматынан кетиреби же сөгүш береби, ким билет?! Бирок, айрым депутаттар: Н.Никитенко, А.Касымалиева, Э.Сурабалдиевалар дагы губернатордун кызматтан кетишин талап кылган журналисттерди колдошту. Өкмөт башчы ага кандай чара көрөт, күтө туралы.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.