Ассоль Молдокматованын айкелин Бишкекке тургузуу боюнча атактуулардын пикири…

Ассоль Молдокматованын айкелин Бишкекке тургузуу боюнча атактуулардын пикири…

Учурда, Бишкекте «Россия-Кыргызстан» скульптура көргөзмөсү 1-июндан бери көрсөтүлүүдө. Анда Россиянын скульпторчулар Ассоциациясынын президенти, скульптор Иван Дубровиндин да эмгектери коюлган. Көргөзмөнүн ачылыш аземинин алдында И.Дубровин журналисттерге жыйын өткөрүп, Евразиялык телеакадемиянын академиги, коомдук ишмер, журналист Ассоль Молдокматовага эстелик тургузуу боюнча пикирин айтып, “Добрая Фея” аталышта айкелин жасамакмын. Силер барып сыйынып, андан энергия алып тургандай кылмакмын” деген кыялын билдирген эле. Ошондон бери ар ким ар кандай кеп кылууда, бири туура көрсө, бири туура көрбөй… Биз ар кыл кесиптеги белгилүү адамдарга ушул маселе боюнча суроо салып, жооп алдык.

Үмүт КУЛТАЕВА, адабиятчы, филология илимдеринин доктору: “Ассолго эстелик коюу элдик колдоого ээ боло албайт”

-Эстелик эл адамына коюлганда гана ал тарбиялык мааниге ээ болот эмеспи. Эл кадырлабаган адамга коюлса, ал мезгилге туруштук бере албайт. Эстелик жеке адамдын пикири менен эмес, коомдук пикир аркылуу коюлбаса, ал Акаеванын атасынын эстелигиндей шылдың болот. Айкели тургузулган адам кийинки муун үчүн үлгү, идеал болуусу шарт. Үлгүлүү иши, инсандык эрдиги, тарбиялык маанидеги сапат, мүнөзү болбосо, ал айкелдин кимге кереги бар? Ассол мыкты чыгармачыл инсан, интеллекти жогору. Бирок анын бул сапаттары айкел коюуга жетишсиз. Анткени коомдук рейтинги улуттук масштабга жетпейт. Улуттук негизги символдордун бири — эне.тилин билбейт. Ошондуктан эл аны жакшы тааныбайт. Анткени, биздин улуттук негизги катмардын 70%и айылда жайгашкан. Алар улуттук баалуулуктар аркылуу адамдарды баалашат. Ошондуктан Ассолго эстелик коюу элдик колдоого ээ боло албайт. Демек, татыктуу эмес.

Жолдошбек ТОКОЕВ, журналист: “Ассолго эстелик коюу осолдук иш болуп калат

-Эми скульпторлор чыгармачыл адамдар да. Чыгармачыл адамдарда ар кандай фантазия оюнда жарала берет. Россиялык Иван Дубровин да ошондой кыялкечтин бири да. Айрым скульпторлор айкелди итке да коюшат. Мисалы, Россияда кайсы бир кинофильмдеги итке да эстелик койгон. Одессада жазуучулар И. Ильф менен Е. Петровдун «Золотой теленок» чыгармасынын каарманы Остап Бендерге да коюлган. Биздин, башка элдердин менталитетинде эстелик каза болгон адамдарга коюшат. Улуттун сыймыгы болгон атактуу чыгармачыл, мамлекеттик ишмерлерге, согуштун, эмгектин баатырларына коюлуп жатат. Эми Ассолго келсем, ал тирүү адам. Ал жаңы заманда маданиятка жаңылык киргизе алды дечи, бирок, ага эстелик коюу осолдук иш болуп калат. Ассолго карата скульптор тууралуу демилгени олуттуу маселе катары албаш керек. Мүмкүн бул жөн эле тамашадыр.

Каныкей ЭРАЛИЕВА, КРнын эл артисти: “Тирүү адамга эстелик коюуга каршымын”

-Ассоль мыкты алып баруучу, журналист. Бирок, ага тирүү кезинде эстелик тургузуу этикага жатпайт. Анын үстүнө бизде, кыргызда тирүү адамга эстелик коюлбайт, андыктан мен айкел тургузууга каршымын. Эми россиялык скульптор Иван Дубровин Ассолго айкел жасаганды аябай каалап, кыялданып жатса, анда анын үйүнө коюп алгыдай кылып бюст жасап берсе болот. Мен ага ушундай сунуш айтаар элем.

Бурулкан КАРАГУЛОВА, акын: “Ассолду өтүп кеткен экен деп ичим ачышып калган”

-“ Ассолго эстелик коюлсун” дегенди чала окуп калып, өтүп кеткен экен деп жаман ичим ачышып калган. Узак жолдо болгондуктан, кайра окуй албай калгам. Силердин сурооңордон улам, азыр түшүндүм. Эми Ассолго эмне жетишпейт? Эгер эстелик эле жетишпей атса, анда орното берсин. Орногон жайы тынч болсун. Эгер башка бирөө ушу сунушту көтөрсө, аны четке кагып коё албаганы — демек, өзү сунуштаган деп түшүндүм. Адегенде ой жүгүртсө болмок: “Мен Кыргызстанга эмне кылдым?”,- деп. Же кыргыз тилин билбесем, сүйлөбөсөм, түшүнбөсөм десе болмок экен, жарыктыгым. Анан кыргыздар кантип ушундан энергия алыш үчүн эстеликке сыйынып барып турат? А эгер башка өлкөгө же Россияга койсо, анда каршылык жок.

Каныбек ОСМОНАЛИЕВ, экс-депутат: “Ассоль деген ким?”

— Эстелик коюуга макул эмесмин! 5 жыл өткөндөн соң,  (мыйзам боюнча) карап көрсө болот! Ассоль деген ким? Дубровин өзүнүн жекече музейине коюп алсын, шедевр болсо! Балким, 10 миң жылдан кийин Нефертитидей бааланып калаар!

Күлипа КЕРИМБАЕВА, ырчы: “Ассоль завод, фабрика курса мейли эле…”

-Ассоль таанымал алып баруучу, белгилүү журналист. Көптөгөн соопчулук иштерди жасап жүрөт. Бирок, андай адамдарга айкел тургуза берсек болбойт да. Эгерде Ассоль өз чөнтөгүнөн акча чыгарып, завод, фабрика куруп, элди жумуш менен камсыздандырса, анда бир жөн эле. Анын үстүнө азыр ал тирүү адам. Тирүү кишиге эстелик коюлбайт. Андыктан мен ага айкел тургузууга каршымын.

Амантай КУТМАНАЛИЕВ, төкмө акын: “Байдыкеге эстелик турса жарашмак”

-Негизи эстелик тургузуу азыр мода эмес. Бирок, өтө оригинал, жакшы, эл карай турган формада болсо кызыктуу. Бизде, тилекке каршы, андай айкелдер өтө аз. Байдыкеге (айтылуу акын Байдылда Сарногоев жөнүндө сөз болууда – авт.)  коюлган бир эстелик жок, ушул улуу кишиге коюлса куп жарашмак. Ага эч ким каршы болмок эмес. 

Стамгүл ТУРДАЛИЕВА, ырчы: “Ассолдун эмгегин бааласа болот, бирок…”

-Ассоль Молдокматова оорулуу адамга кайдыгер карабаган боорукер жан. Ушундай сапатын скульптор баалап, “Добрая Фея” деген аталышта айкелин жасасам деп кыялданып жатса керек да. Анын кыялын кыргыз эли кабыл албайт го, себеби, кыргызда тирүү адамга эстелик коюлбайт. Анын үстүнө кыргыздар жакшы тааныбайт аны. Эми Ассоль соопчулук иштерди жасап жүрөт. Ушул өңүттөн алганда, анын эмгегин бааласа болот.

Күнболот МОМОКОНОВ, журналист: “Ассолдун өзү менен макулдашылса керек да…”

-Тирүү адамга айкел тургузуу анын макулдугу менен болот. Россиялык скульптор Ассолду жанына отургузуп алып айтып жатса, анда аны менен макулдашылган. Негизи эстелик тургузууда абайлабаса, элдин таламына калат. Мисалы, Алиясбек Алымкуловдун тирүү кезинде ага айкел тургузганын эл туура эмес көрүп, талап жиберишти го, орой айтканда, “тепкиге” калды. Ассоль Молдокматова журналист, алып баруучу катары элге таанымал, бирок, Кыргызстанга бир укмуш иш кылып жиберди, эмгеги сиңди деген деңгээлге жете элек. Ошондуктан ага айкел тургузуу туура эмес жана этикага, менталитетке да жатпайт. Бул бир. Экинчиден, тирүү адамга эстелик тургузуу туура эмес. Анткени, ал тирүү киши, тирүү болгон соң кыймылдуу жан. Кыймылдаган адам турмушта эмнени гана кылбайт. Апрель окуясын эле мисалга алсак, андагы бийлик “Апрель Баатыры” наамын берип салышты эле, ал адам азыр эмне болуп атат? Ал мас болуп көчөдө жатат… Эми тирүү жан болгондон кийин, пендечилик кылып жаман жактарга барат экен. Ошондуктан наамды булгап коюшу ыктымал. Дегеле эстелик коюуда, наам берүүдө ойлонуп иш кылсак деген гана тилек. Эми Ассоль айымдын өмүрү узун эле болсун, жаман оору менен ооруганын уктук эле. Ошондон улам, тирүү кезинде эстелигин көрүп калсам деп кыялданып жатса керек да. Андан көрө, Ассоль айым Кыргызстанга эмгеги сиңген, көрүнүктүү мамлекеттик ишмер адамдын атын айтып, сунуштаса, анда ыраазы болмокпуз. Эми Ассоль Молдокматованы эч нерсе кылган жок дегенден алысмын, көп эле адамга жардам берип, соопчулук кылып жүргөнүн билем. Бирок, андай кайрымдуулук, соопчулукту кылып жүргөндөр толтура. Анан жакшылык кылдым деп эле эстелик тургуза берсек, анда эстеликтин мамлекети болуп кетебиз го. Мындай пикирим ал адамга оор тийип, ич күйдүлүк катары кабылдашы ыктымал. Бирок, бул менин жеке пикирим.

Даярдаган Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.