Атамбаев эртең митингге чыгам деп турганда, Абдрахманов аны сотко берем деп чыкты…

Атамбаев эртең митингге чыгам деп турганда, Абдрахманов аны сотко берем деп чыкты…

Экс-президент Алмазбек Атамбаев эртең, 8-июнда КСДП коррупцияга каршы өткөрө турган митингге катыша турганы тууралуу аталган партиянын өкүлдөрү буга чейин билдирген. Алардын айтымында, акция Бишкектеги «Медиа форум» имаратынын алдында өтөт.

Атамбаев менен көптөн бери “кармашып” келаткан КСДП партиясынын лидери катары расмий катталган Сагынбек Абдрахманов экс-президент Алмазбек Атамбаевди сотко бергенин бүгүн “Азаттыкка” билдирген. Сотко берүүнүн себебин: “Биз эки айдан бери “качан бизди сотко берет” деп Атамбаевди күтүп жатпайбызбы. Ал документтери жок бизди сотко бере албай жатат. Ошондуктан биз өзүбүз берели дедик,- деп түшүндүргөн.

Эскерте кетсек, С.Абдрахманов мурда «Атамбаевсиз КСДП» кыймылын жетектеген. Юстиция министрлиги КСДПнын төрагасы катары Сагынбек Абдрахмановду 18-апрелде каттаган. Муну “мыйзамсыз чечим” деген Атамбаевдин тарапташтары юстиция министри Марат Жаманкуловду кылмыш жоопкерчилигине тартууну өтүнүп, Башкы прокуратурага кайрылган.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.