Батукаев боюнча суракка алынган Рысалиев ооруканага түштү. Өзүнө келген соң камалабы?

Батукаев боюнча суракка алынган Рысалиев ооруканага түштү. Өзүнө келген соң камалабы?

«АКИпресстин» маалыматына караганда, ЖК депутаты Зарылбек Рысалиевди кримтөбөл Батукаевдин бошотулушу боюнча ИИМ суракка бүгүн саат 10:00гө чакырган. Ушундай эле маалыматты 24.kg да жазып чыккан. 24.kgнин маалыматына караганда, кечке суракка алынган Рысалиев өзүн жаман сезип, ооруканага алынып кеткен.

“Мындай маалыматты ИИМдин басма сөз кызматы ырастаган да, төгүндөгөн да жок. «Тергөө кызматы мындай маалыматты эч качан бербейт»,-деди басма сөз кызматынын өкүлү Карима Аманкулова”,-деп жазды “Азаттык”

Эскерте кетсек, Зарылбек Рысалиев мындан 6 жыл мурда Мамлекеттик жаза аткаруу кызматын жетектеген. 2013-жылы Батукаев «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негиз менен мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыгып, самолетко отуруп, учуп кеткен. Быйыл бул иш кайра козголуп. иликтене баштады. Ишти тергеп-иликтөө милдети ИИМдин Башкы тергөө кызматына жүктөлгөн.

Зарылбек Рысалиев ооруканадан ары үйүнө кетеби же камалабы, аны көрө жатарбыз. Ал камалышы керек. анын түздөн түз тиешеси бар. Камалса, ал «коркуп» кетип, Атамбаевдин атын аташы мүмкүн…

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.