Бобковдун операциясына жардам катары ырчылар кайрымдуулук концертин өткөрөт

Бобковдун операциясына жардам катары ырчылар кайрымдуулук концертин өткөрөт

«Досум Үсөн» аттуу атактуу группанын негиздөөчүсү, «Ырдайлы кыргыз ырларын» долбоорунун ээси, ырчы Юрий Бобков учурда катуу ооруп, үчүнчү жолу операция болууга муктаж болуп турат.

Ырчыга жардам катары «Устатыбызды колдойлу» аттуу кайрымдуулук концерти эртең, 8-июнда, саат 19:00до Спорт ордосунда өтмөкчү. Бул тууралуу ырчылар буга чейин билдирүү таратып, айрымдары акча чогултуп беришкен. Эртеңки концерттин өтүшү боюнча, Ю.Бобковдун абалы тууралуу жубайы Асел Осмонова “Кактуска” билдирген. Анын айтымында, алардын үй-бүлөсүндө кырсык артынан кырсык болгондуктан финансыдан кыйналып калышкан. Ошого байланыштуу ырчылар жардам катары кайрымдуулук концерти өткөргөнү жатышат. Мындай жардамга Ю.Бобков каршы болгон, ага карабай аны көндүрүшкөн. Бобковдун ден соолугуна байланыштуу долбоорлору токтоп калган. Ырчы оор травма алып, ийнине операция жасалган, бирок, ал операция жардам бербегендиктен, экинчи операция кылынган. Учурда артисттин абалы оор болгондуктан, үчүнчү операция кылуу керекпи же жокпу деген суроо үй-бүлөсүндө турууда.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.