АТАМБАЕВ: “Үч жашар баласы бар Салянованы камаганы туура эмес”

АТАМБАЕВ: “Үч жашар баласы бар Салянованы камаганы туура эмес”

Бүгүн, 8-июнда, КСДП «Унчукпай турба! Үн кат!» деген ураан менен уюштурулган митингди “Форумдун” алдында өткөрүштү. Ал жерге 500дөй киши чогулду. ЖК депутаттардан Анвар Артыков, Мурадил Мадеминов, Асел Кодуранова болду. И.Карамушкина көрүнгөн жок.

КОДУРАНОВА: «Карамушкина командировкада»

Ал жерге келбеген депутаттарды Асел Кодурановадан сурасак, ал: «Рыскелди Момбеков Астанада, ошол жакка кеткен. Ирина Карамушкина комадировкада. Алар Кыргызстанда жок болуп калгандыктан, бу жерге келишкен жок»,-деди.

АТАМБАЕВ: «Сооронбай кет!» деп чыгабыз»

А.Атамбаев Сооронбай Жээнбековго, парламентке ич күптүсүн дагы айтты. Депутаттарды дагы чимкирик атап, «Сооронбай Жээнбеков шайтанга кызмат кылат, ал каапыр. Мунафык! Мусулман эмес. Азыркы зөөкүрдүк, өзумбилемдик токтобосо, «Сооронбай, кет!» — деп чыгабыз. «Айланаңдагы кишилерди чогултуп, Кыргызстандан чыгарып кеткен акчаң менен кошо жогол» деп талап коебуз», — деди Атамбаев. Кайсыл акча жөнүндө сөз болуп жатканы айтылган жок. Сүйлөп жатып, баш калаанын мурдагы мэри Кубанычбек Кулматов жана мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковдун камалышы туура эмес болгонун айтып кейиди. Алар камалаардын алдында ага барып, “камаганы жатат” деп айтканын айтып, ошол жерден ката кетирип койгонуна да кейиди. Алардын камалганын Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орунбасары Райымбек Матраимовдун кызматтан алынышына байланыштуу болгонун айтты.

Ошондой эле, жакында эле камалган экс-депутат Аида Салянованын туура эмес кармалганын да айтып өттү. “Үч жашар баласы бар Салянованы камаганы туура эмес”,-деп, анын актыгына ишенээрин баса белгиледи.

Кабыл алынган резолюция…

Ошентип, митинг тынч аяктады. Алмазбек Атамбаев менен сүрөткө түшүп, «туура сүйлөдүңүз»,-деп мактагандар болду. А.Атамбаевден кийин эле ЖК депутаты Асел Кодуранова сүйлөп, кабыл алынган резолюцияны окуп берди. КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева резолюцияны добушка салып, ошол жерде тургандар бир добуштан колдоп беришти.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.