“Көчө” киносунда тиш доктурдун ролун катыра аткарган айтылуу актер Нуртай Борбиев каза болду

“Көчө” киносунда тиш доктурдун ролун катыра аткарган айтылуу актер Нуртай Борбиев каза болду

Бул тууралуу Кинематографияны колдоо фондусу кабар таратты. Алардын айтымында, КР эл артисти, режиссер, оператор Нуртай Борбиев бүгүн, 8-июнда узакка созулган оорудан улам, 82 жашында кайтыш болгон.

Нуртай атабыз көптөгөн даректүү тасмаларды тарткандан тышкары, «Ак илбирстин тукуму», «Сүйүү закымдары», «Маңкурт», «Кошой таш» көркөм кинолорду жараткан. «Көчө», «Саманчынын жолу» кинолорунда мыкты роль жаратып, элдин эсинде калды.

One thought on ““Көчө” киносунда тиш доктурдун ролун катыра аткарган айтылуу актер Нуртай Борбиев каза болду

  1. Нуртай ага жаткан жериңиз , жайлуу болуп топрагыныз торко болсун. Жакындарына чын неетибизден көңүл айтабыз.

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.