Каныбек ОСМОНАЛИЕВ: “Атамбаевдин одоно сүйлөгөн сөзүнө сөзсүз юридикалык баа берилиши керек”

Каныбек ОСМОНАЛИЕВ: “Атамбаевдин одоно сүйлөгөн сөзүнө сөзсүз юридикалык баа берилиши керек”

Экс-депутат, коомдук ишмер, профессор Каныбек Осмоналиевич менен саясаттын күнгөй-тескейи тууралуу маектештик. Мурунку, кийинки бийликтин башын ооруткан Батукаев боюнча, «кызматташуу кадамга» барганы үчүн абактан үй камагына чыгып кеткен Атаханов тууралуу, жалган сөз менен камакта кармалып жаткан Салянова,»чимкирик» атыккан парламент, «Матраимовдордун миллиону» жана журналисттердин «тепкисинде» калган губернатор жөнүндө мектештик. Маекти актуалдуу темага айланган Алмазбек Атамбаевдин кечээ митингде одоно, орой сүйлөгөн сөзүнөн баштадык.  

— Каныбек Осмоналиевич, маекти кечээ КСДПка уюштурган митингден баштасак. Ага экс-президент Алмазбек Атамбаев барып сүйлөп, дагы кепке калды. Анын сүйлөгөн сөзү, аягында КСДПнын кабыл алган резолюциясы купулуңузга толдубу?

— Экс-президент Алмазбек Атамбаев жазындагы айткан сөзүн ырастап, өзүнө караштуу “Форум” фирмасынын алдында КСДП уюштурган митингде сүйлөдү. Белгилеп коюш керек, катуу сүйлөдү! Ал расмий бийликтин ишмердүүлүгүнө болгон өз пикирин өзгөчө эмоция менен билдирип алды. Атайын даярданып келгени көрүнүп турат. Анын үстүнө бул инсандын сүйлөө стили дагы башкача эмеспи. Тартынбай, сөз ылгабай эле айта берет. Ошол “талантын” жоготпоптур. Мурда президент Сооронбай Жээнбеков жөнүндө “сыйкатып” айтып жүрсө, бүгүн, ачык эле анын жеке аброюна шек келтире турган эпитеттерди аяган жок! Аттиң, дейсиң, да! Эмнеге биздин лидерлер коомчулуктан болбоду дегенде, бир ат чабым алдыда жүрө алышпайт? Атамбаев өзүнүн көз карашын “көчө сөзү” менен эле эч нерсеге оробой айтып салды. Бул уят! Саясий истеблишменттин өтө төмөн даражага түшүп кеткенин айгине кылды! Эмнеси болсо дагы өлкөнү 6 жыл башкарган киши эле да?.. Эми аягында кабыл алынган резолюциясына келсек, ал азыркы президентке бир топ шарттарды тагуу менен чектелиптир: саясий куугунтуктун күчөшү, коррупцияга каршы күрөшүүнү өзүнүн режимине жакпагандардын “эсебин табууга” колдонушу, укук системасынын деградация болушу, күч структураларынын бардык вертикалдарынын криминалдашуусу менен кесипкөй касиеттеринин жоголуп баратышы, ж.б. у.с. талаптар. Чынын айтсам, алардын митингги купулума толгон жок. Азыркы кырдаалда ультиматум коюп, маселе чечүү абдан коркунучтуу! Элдин кыжырдануусу күчөп бара жаткан кез. Эки жак тең от менен ойноп жатышат! Кечээги эле эки достун бүгүн жүз карашпай калган абалдарынан эң чоң жапа чеккен тарап – бул катардагы эле жөнөкөй кыргызстандыктар! Азыр дал ошондой кырдаал түзүлдү. Элдин башы маң. Жаатташкандардын максаттары эмне экенин толук түшүнүү кыйын болуп калды. Ортодогу эле эч кандай асыл баалулуктарды сезбеген жана билгиси дагы келбеген саясий шүдүңгүттөргө Кудай берип салды. Учурдан пайдаланып, өздөрүнүн капчыктарын толтуруп алуу менен алектенишип киришти.

— Туура айтасыз, ортодо элге эле кыйын болду, кимге ишенээрин билбей калышты. Сиз жогоруда айтып өткөндөй, Атамбаев катуу сүйлөдү, атүгүл аша чаап кетти. Сооронбай Жээнбековду “шайтан, мусулман эмес, мунафыс, колхоздун башкармасы, зоотехник” деп мазактаганы аз келгенсип, парламентти дагы “чимкирик” атап өттү. Экинчи жолу экс-президенттен мазактоо сөзүн уккан депутаттар эртең ага реакция кылат деп ойлойсузбу?

— 2015-жылы өзү ошол эле жакын санаалаштары, коюн-колтук алышып жүргөн достору менен чогуу сүйрөп алып өткөн VI чакырылыштагы ЖКнын депутаттарын дагы “чимкирик” деп дагы бир жолу атап салганы ырас. Эми мындай сөзгө депутаттар деле көнүп калышкандай. Эртең бир, экөөсү каршы сөз айтымыш болоор. Калгандарына баары бир. Алар азыр башка нерсе менен алектир. Жаңы шайлоо келе жатпайбы? Биздин учурда Атамбаев “депутаттардын кээ бир бөлүгүн сатып алган”- деген сөздөрдү угуп калчумун. Бирок, бул учурдагыдай мазактаганга алы жетчү эмес. Керек болсо, V чакырылыштагы ЖКнын отурумдарына келүүдөн жаа бою оолактап жүрчү! Ал кезде саясий кырдаал дагы башкача эле, депутаттар курамы дагы өзгөчө болчу. Азыркы депутаттардын баардыгы Атамбаевдин “батасын” алып “адам” болгондор. Алардын колун Атамбаев өзү “алалдаган”. Ошондуктан, ал тигилерди каалашынча мазактап жүрбөйбү! Атүгүл президентти да мазактады. Сооронбай Жээнбековдун дарегине айткан “шайтан, мунафык, мусулман эмес, легитимсиз, зоотехник, колхоздун башкармасы, “башында колхоз менен Кокон хандыгы” жатат”, ж.б. мазактоо сөздөрү бүт кыргыз элине көө сүйкөгөн иш болуп калды!

Көө сүйкөсө да унчукпай отуруп берип, анын жаман жагын көрө да, бөлө да албай жатпайбы айрымдар. Атүгүл анын жаман сөздөрүн сиңирип алып, колдонуп келатышат. Мисалы, Сооронбай Жээнбековду – Соке, Өмүрбек Текебаевди – Теке, Эдил Байсаловду – Эдичка, Өмүрбек Бабановду – Бабанчик, Жанар Акаевди – Балашка, Райымбек Матраимовду – Райым-миллион” деп койду эле, ошентип айтып, жазып жатышат. Элге ушундай жаман адат таштап кетти, кандай дейсиз?

— Атамбаевдин белгилүү инсандарды тигинтип “кличкалар” аркылууу атап алышы – бул элементардык эле тарбиянын жоктугу, маданиятсыздык. Бул осол сапатты кээ бир журналисттердин, айрым адамдардын кеңири колдонуп кеткени чынында эле тарбия иштерибиздин такыр жоголуп кеткендигинен кабар берет. Бул уят иш!

Атамбаев уялбай эле коррупционерлерди таза деп келатпайбы. Сапар Исаков менен Кубанычбек Кулматовдун камалышын Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орунбасары Райымбек Матраимовдун кызматтан алынышына байланыштуу болгонун айтып келет, кечээ дагы айтты. Исаковдун ТЭЦке, Кулматовдун мектеп салууда акчага тиешеси жок, алар ак, коррупционер эмес” деп айта аласызбы?

— Ооба, мурда дагы айткан, бүгүн да айтты, Исаков менен Кулматовдун камалышына “белгилүү Раим Матраимовдун” тиешеси бар деп. Бирок, мен бул сөздөрүнө ишенбейм. Бир нерсени так айтса болот. Бишкек жылуулук борборун модернизация кылуу менен “Калыс-Ордодогу” мектепти куруудагы финансылык мыйзам бузуулар болгондуктарын канчалаган комиссиялар менен укук коргоо органдарынын тыянактары кашкайтып эле далилдеп келишкен. Натыйжада, кылмыш иштери козголду. Эми алды сотко жетип отурат. Күтүү керек. Акыр аягында баары далилденет. Менимче, бүгүнкү айтылган дооматтар саясаттын эле “шайтан оюндары”, негизги себептерден укук коргоо органдарын жана коомчулукту оолактатуунун аракеттери.

— Бүгүн Атамбаев катуу сындап аткан Райымбек Матраимов “майлуу” кызматка досу Икрамжан Илмиянов аркылуу, Атамбаевдин жардамы менен келгенин ачык  айтты эле. Бирок, Атамбаев аны тааныбагандай, тангандай сүр көрсөтүп жатпайбы. “Кечээ эле Матраимовду “кошелек” кылып жүрдү эле, бүгүн ага эмес, Жээнбековго кызмат өтөп кеткенге ызаланып жатат”,- дегендер да болууда. Улам бир бийликтин “кошелегу” болгону чынбы?

— Азыркы “феномен” Раим Матраимов менен мындан 20 жылдай мурда элдин эсинде калган “кошелек” деген каймана аты бар Мурат Малабаев деген жигиттин резонанстуу “иштери” ошондогу жана азыркы мезгилдердеги эле саясий конъюнктуранын “жемиштери”. Аларды мезгил өзү жараткан. Аларга болгон доомат, казынаны эң эффективдүү толтура ала турган бажы системасы менен байланышкан. Демек, түшүнүктүү. Бул эки жигит чыкпаса башкалары табылмак. Система ушундай.

— Андай системадан кутулуу жолу барбы?

— Мындан кутулуунун бир эле жолу бар. Ал сан ариптештирүү технологиясы. “Адам факторун” минималдаштыруу. Бардык өлкөлөр ушуга өтүшкөн. Биздин өкмөттөр болсо муну кечиктирип, атайылап саботаж кылып келишет. Антпесе, кошумча пайда табуудан куру жалак калышат. Так кесе чечип коюга расмий — саясий бийликтин дарамети жетпей келгени гана өкүндүрөт.

— Мени өкүндүргөнү – экс-президенттин “тилинин уусу”, анын балп сөздүрүнө бийликтин юридикалык баа бербегени…

— Ооба, туура, оюңа кошулам. Атамбаевдин бүгүнкү митингдеги аша чаап сүйлөгөн сөздөрүн мисалга алсак болот. Анын өтө курчтук менен айткан сөздөрү укук коргоо органдарынын астейдил көңүл буруусуна түрткү берип салды го! Бул – менин айныгыс пикирим. Анткени, көп эле сөздөрдү ачык жана одоно айтып салды! Буга сөзсүз юридикалык баа берилиши керек. Антпесе, абал курчуп кетет. Анын ар бир сөзүнө экспертизалык тыянактын берилүүсү абзел. Аты көрүнүктүү инсандардын ал же бул “фигуранттарды” колдоп чыга баштагандыктары, коомдун поляризацияланып жаткандыгынан кабар берет. Бул коомдук пикирдин турбуленттик процесске айланып бара жаткандыгынын белгиси. Эми ушунун бифуркациялык чекити кай жерде? Аны ким табат, кантип табат? Натыйжасы кандай болот? “Чыр-Дөбөнүн” башталышы болуп кетпейби? Атамбаевдин 2015-2017 жылдардагы позицияларын кыргызстандыктар билип эле калышты. Аны бул жерде кайталап айтуунун кереги жок.

— Атамбаевде позиция деле жок болуп жатпайбы. Өзү кечээ мактап кызматка алып келгендердин баарын бүгүн жамандап жатат. Өзү бийликте турганда Матраимовдордун байлыгын билген жок беле?.. Баса, “Матраимовдордун миллионун” “Азаттыктык” иликтеп чыкты, бирок, аны алар четке кагууда. Бул боюнча кандай ойдосуз?

— Бул инсандардын эбегейсиз чоң байлыкка ээ экендиктерин көптөн бери ар түрдүү булактардан угуп келем. Анын үстүнө Раим мырза өзү деле экс-президентке кайрылуу жасап жатып “кудурети күчтүү эле экендигин” айтпадыбы? Башка маселе баюунун булактары кандай? Алар бир кездери маңдай-тер, таман-акы менен курушкан өндүрүштүк завод-фабрикаларыбы? Айыл-чарба комплекстериби же ири илимий-техникалык борболорубу? Мага андай нерселери азырынча белгисиз! Депутат Искендер Матраимов мырзанын сырткы жактардан өздүк фонддоруна келип түшкөн каражаттары жөнүндөгү версиялары анчалык деле ишеничти туудурган жок!

— Бирок, ага ишенип, аларга белгилүү эле кишилер болушууда. Мисалы, биз сыйлаган Сабыр Жумабеков. Ушундай мыкты ортопеддин саясатка аралашуусун айрымдар туура эмес көрүүдө… А сизчи?

— Бир тууган Жумабековдор кыргыздын белгилүү инсандары. Мен, айрыкча, академик Сабыр Жумабековду катуу сыйлайм. Ал эл аралык деңгээлдеги окумуштуу-хирург-ортопед. Чыныгы аалым инсан! Менимче, ал кишиге саясатка аралашуунун кереги деле жок!

Саясат демекчи, учурда Батукаевдин бошотулушу чоң саясатка айланды. Мындай маанилүү маселе боюнча экс-вице-премьер-министр Шамил Атаханов камалып, кайра үй камагына чыкты, “кызматташуу кадамы” үчүн. Ушундай кадамга барбай жатканы үчүн Аида Салянованы үй камагына чыгарбай жатышабы?

— Менимче, негизги күбө катары так ушул Аида Салянова каралып жатат окшойт. Анткени, ал ошол кезде Башкы прокурор эмес беле? Мен бул жерден бир опурталдуу болуп, жаңыдан жарала баштаган көйгөйдү айтып коёюн дейм. Бул — кээ бир айыпталуучулардын тергөөчүлөр менен “кызматташуу кадамдары” жөнүндө. Бул эмне, юридикалык жаңы нормабы? Эгерим, ал “азамат” башка бирөөгө курулай жалаа жаап, анан өзү бошоп кетсечи? Кийинки учурларда мындай “кызматташуулар” оголо эле көбөйүп бара жатат! Бул кооптонууну туудурат. Чындап карап келгенде мындай “усулдуктар” саясий өч алуунун бир ыпылас куралы болуп калбасын, да!

Бир нерсени туура түшүнүү керек. Оор кылмыш иши боюнча айып тагылып, суракка чакырылууну Жараткан эч кимдин башына салбасын. Бул азап иш. Ден-соолукка катуу терс таасирин берет. Анын бирин дагы өз башынан өткөрбөгөндөр ооз көптүрүп айта беришет. Көбүн эсе адилетсиз иш козголуп калганда мүшкүл көбөйөт. Азыр Салянова, Рысалиевдердин баштарында ошондой сыноолор турат. Кимиси кандай болгон күндө дагы күнөөлөрү болсо жооп беришет. Ошондуктан аларга ден-соолук гана каалап туралы. Азыркы күндө күнөөлөрдү бири-бирине шылтап кутулуунун аракетинде жан далбастап жатышат. Ортодо эбегейсиз чоң суммадагы акчалар желгени билинип эле турат! Бул эми убактылуу эле амалкөйлүктөрдүн болуп жатканы. Баары бир чыныгы кылмышкерлер табылат жана жазаланат.

— Чыныгы кылмышкердин аты аталып эле жатат го, мурунку бийликтин башчысы деп. Мурунку бийликтин түздөн түз айыбы бар да. Аны өзү деле кечээ мойнуна алгандай болду го. “Мен да ишенгем, Батукаев чын эле үч айда өлүп калат го деп” деп Атамбаев кечээ айтса, андан мурунураак эле КСДП фракциясынын депутаты Асел Кодуранова Батукаевге Атамбаев алданып калыптыр, ошон үчүн аны Кыргызстанга кайра кайрып алуу үчүн Путинге кат жазыптыр деп айтканы бар. Экөөнүн айтканынан жыйынтык чыгарса болот, бийликтин катуу таасири болгонун…

— Ооба, туура, Батукаевдин бошотулушуна мурдагы расмий бийликтин түздөн-түз айыбы бар. Буга мен кыскача гана жооп бере алам. Мыкаачы-кримтөбөл Азиз Батукавдин Кыргызстандын түрмөсүнөн мөөнөтүнөн мурда ээн-эркин чыгып, анан менчик учак менен чет өлкөгө чыгып кетиши – бул биздин өлкөдө бийликтин күчү жоголуп калганынан кабар берет! Шермендечилик фактысы орун алды. Бул чоң кылмыш, күнөөкөрлөр аёосуз жазаланышы керек! Анткени, картага Кыргызстандын аброю коюлуп калды. Каралып жаткан кылмыш иштери тыкыр тергелип, анан сотко жетип, катуу, ырайымсыз, бирок, адилет өкүмдөр гана чыгуусу абзел. Андай болбосо, калайык калк ишти өз колуна алып кетиши мүмкүн. Айрыкча, күндөн-күнгө активдешип бара жатышкан кыргыз жаштары. Андай болгон учурда мурдагы бийлик менен азыркысы дагы жакшы күндөрдү көрбөй калышат. Учурдагы укук коргоо уюмдары так ушундай жагымсыз кырдаалдарга жол беришпейт деп үмүттөнүп туралы!

Буга мурдагы парламенттеги депутаттардын басымдуу бөлүгү да күнөөлүү. Даана көрүнүп турса да, ачык айта алышкан эмес. Аз гана депутаттар, өзгөчө “атамекенчилер” чырылдаган. Мына дагы азыр козголду, ага парламент унчукпайт. Азыркы парламент сынга көп кабылды. Сындалып жаткан депутаттардын да мөөнөтү аяктап баратат. Аларга сиз кандай баа бересиз?

— ЖКнын VI –чакырылышы кыргыз саясатынын “уникалдуу феномени”! Менимче, парламенттин бул “экземпляры” боюнча көптөгөн илимий эмгектер жаралат, го? Өзүңүздөр күбө болдуңуздар. Өкмөттөрдү шайлоо, алардын жылдык отчетторун кабыл алуу, курамын бекитүү ж.б. иштер зор шедевралдык спектакльдер менен уюштурулуп келди! Байкуш өкмөт мүчөлөрүн микрофон аркылуу “жерден алып көргө чабышат” дагы, 2 сааттан кийин эле бир добуштан колдоп беришип, колтукташкан боюнча залдан чыгып кетишет. Түшүнүктүү да? Айрыкча, Сапар Исаковдун өкмөтүн алгач жалпалаңдап колдоп, анан жарым жылдан кийин жалпайта чапкандары – бул “артисттүүлүктүн дүйнөлүк шедеври”! Болгондо дагы “массовканын” аткаруусунда! Иши кылып кийинки чакырылыш үчүн чоң сабак болгон депутаттар болушту. ЖКнын кадырын кантип кетирүүнүн хрестоматиялык окуу куралын жазып коюшту. Анан, кантип, Кыргызстанда партиялык система калыптанып, парламенттик республика орун алат? Алардын 2015-жылы ЖК кандай жолдор менен келгендери элге кашкайып эле билинип турбайбы?! Бул “окуянын” 2020-жылы дагы бир жолу кайталанышы өлкөнүн ичинде чоң катаклизмди жаратып коюшу мүмкүн. Бул “каар заман” баарыбызды ойлондурушу керек!

“Каар заман” кыйналган карапайым эл үчүн эле болбосо, депутаттар, олигархтар үчүн жыргал заман болууда. Мына депутаттар келаткан жылкы парламенттик шайлоо эмитен кам көрүүдө. А сизчи, кайрадан депутат болуп келүүнү ойлонуп жатасызбы? Жогорку Кеңештеги креслону сагындыңызбы?

— Мен “Ар-намыс” партиясынын мүчөсүмүн! Ошол партиядан депутат болгомун. Кудай буюрса, ат салышып көрөбүз. Кеп ЖКны сагынганда деле эмес. Мен азыр КУУда профессор болуп иштеп келем. Кандай маселелер бар экендигин ичтен көрүп келе жатам десем болот. Мыйзамдык, укуктук-нормативдик проблемалар кандай жана кайсылар экендиги даана көрүнүп турат. Чоң тажырыйба болду. Айрыкча, мектеп жаатында. Демек, азыркы замандын чакырыктарына шайкеш келтирүүчү иштерди парламентарий катары жүзөгө ашыруу вазийпалары өтө курч турат.

— КУУда иштеп жатканыңыз үчүн, чуу жараткан Чүй губернаторунун сөзүнө жараша анекдот жазыпсыз да ээ? Ал баарына жакты, дагы бир кайталап коюңузчу…

Профессор физики студенту:
«Тяните билет и отвечайте!»
— Студент: «Не буду, не хочу!»
— Профессор: «Почему?»
— Студент: «Мне не нравится Ваше лицо!»

— Бул жуманын жаңылык чордонунда, калктын көңүл борборунда болгон губернатор жөнүндө эмне айта аласыз?  

— Мен абдан сыйлаган губернатор Туйгунаалы Абдраимовдун тигиндей “чекилик” ишке тушугуп калышы, албетте, өкүнүчтүү! Журналисттерди сыйлап, алардын активдүү аракеттерине чыдап эле жүрөбүз. Эки тарап тең адептүү болуп бул ыңгайсыз кырдаалдан чыгып кетет деп тилеп келем.

Т.Абдраимов менен кошо Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Фырат да сынга кабылды. Анын Орок айылындагы окуяга баруусу боюнча ТИМ Түркияга нота жөнөтүп, жооп алды. Түркия элчиге жан тартып коюптур… Буга кандай комментарий бере аласыз?

— Мен таң калдым! Түркиянын элчисинин Орок айылындагы жагымсыз окуяга кандай тиешеси бар эле? Биздин ашкере эле айкөлдүгүбүз дагы кээде терс ролду ойноп коёт окшобойбу? Бул — ТИМдин мажирөөлүлүгү. Элестетип көрүңүздөрчү, Түркиядагы Ван кыргыздарынын ушуга окшош кырдаалга кептелип калгандагы биздин элчинин ары-бери киришип чуркап жүргөнүн? Дипломатиялык этикет, тартип деген түшүнүктөр бар, да? Ал эми Түркия мамлекетинин өз элчисин коргоп нота жибергенин мен туура түшүнүп эле турам. Кантсе да алардын 600 жылдык империялык дымактары бар да! Ошондуктан сырткы күчтөргө жемин жедирбей келишет. Биздей эле кантип болуп калышсын, алар!

Жемибизди жедирбеш үчүн бийлик күчтүү болуп, алар менен тең ата сүйлөшө ала тургандай болуусу керек да. А бизде андай ажо жокко эсе. Бийликке жаңы эле келген Сооронбай Жээнбековго да сын күч алды. Сиздин оюңузча, азыркы ажо кандай иш алып барууда? “Кадр тандоодо жаңылышып жатат” дешүүдө…

— Президент Сооронбай Шариповичтин коррупцияны ооздуктоого болгон аракети мактоого жана колдоого татыктуу. Бул иштеги анын стратегиялык аракеттери жаман эмес. Бирок, кептин баары тактикалык маселеде болуп калды. Ушул жерден күчтүү жана чечкиндүү кадрлар жетишпей тургандай. УКМКнын мурдагы жетекчисинин абалы айкын мисал. Демек, президент кадр тандоодо тар эле чөйрөнүү карап туруп албастан коомдун баардык күчтөрүн өзүнө тартып иштеткени оң. Анткени, күн тартибинде өлкөнүн тагдыры турат.

Өлкөнүн тагдырын кыйын кездеги кырдаалдан чыгарып кеткен мамлекеттик ишмер Исхак Раззаковду кумир тутат окшойсуз э? “Бойся больше своего бессилия, нежели силы врага” деген сөзүн ураан катары “Фейсбуктагы” баракчаңызга илип алыпсыз…

— Ооба, Исхак Разаков жөнүндө атам Осмоналы мен Гүлчөдө 4–класста окуп жүргөнүмдө биринчи жолу айтып бергени эсимде. Тим эле жомок кылып баяндаган. Азыр ойлосом, өзү дагы көп даярданып жүргөн экен. Раззаков “куйма кулак” болчу деген атамдын баасы азыркы күнгө чейин кулагымда жаңырып турат! Анан чоңойгон сайын ал жөнүндө изденип жүрүп көп китептерди окудум. Чынында эле өз заманынан озгон, көсөм, патриот, билимдүү инсан болгон экен! Ошол асыл адамдын дагы түбүнө өзүнүн эле кыргыз туугандары жеткени өкүндүрөт. Биз аталардын жакшы жактарын гана балдарыбызга жеткиришибиз керек жана өзүбүз дагы ошондой сапаттарга ээ болуп үлгү көрсөтүүбүз зарыл.

Маектешкен Назира СААЛИЕВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.