Экс-президент 11 жылга кесилди

Экс-президент 11 жылга кесилди

Экс-президент Алмазбек Атамбаев экен деп ойлоп кетпегиле, бул бизде эмес, башка өлкөдө болгон. Коми Республикасынын мурдагы башчысы Вячеслав Гайзер жөнүндө сөз болууда. Аны бүгүн Москванын Замоскворецк райондук соту “уюшкан кылмыштуу топ түзгөнү үчүн күнөөлүү” деп таап, 11 жылга кесип, 160 миллион рубль айыпка жыкты.

Ушинтип эле башка мамлекетте мурдагы президенттерди жоопко тартуу мыйзамы иштеп жатат. Бизде эле иштебей койду. Ар бир келген президент Конституцияны өзүнө ыңгайлаштырып алууда. “2020-жылга чейин өзгөртпөйбүз!”дегендери менен Алмазбек Атамбаевдин убагында Баш мыйзамга өзгөртүүлөр кирди.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.