ФИНПОЛ: «Матраимов боюнча иликтөө жүрүп жатат, ал азырынча жарыяланбайт»

ФИНПОЛ: «Матраимов боюнча иликтөө жүрүп жатат, ал азырынча жарыяланбайт»

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматы (Финпол) Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго байланыштуу маселени дагы эле териштирип жатыптыр. Тагырагы, «Азаттыктын» иликтөөлөрү боюнча эки ишти териштирип жатканы тууралуу мекеменин басма сөз катчысы Анастасия Пискур бүгүн “Азаттыкка” билдирди. Анда ал: “Тергөөнүн купуялуулугу үчүн маалымат бере албайм. Иликтөө иштери жүрүп жатат жана ал азырынча жарыяланбайт. Анын жыйынтыгы чыккандан кийин эмнелер аныкталып, эмнелер такталбай калганын коомчулукка сөзсүз жеткиребиз”,-дептир.

“Азаттыктын” азаматтыгы…

“Азаттык” алты саатта иликтеген нерсени Финпол алигүнчө эле териштирип жатат. «Азаттык» биринчи жолу (2017-жылы чыккан) «Бажыдагы миллиондор» деген аталышта иликтөө кылып, алардын былыгын ачкан эле. Ошонун негизинде президент Сооронбай Жээнбеков тапшырма берген. Анан барып алар кыймылдай баштаган, тагырагы алар быйыл жыл башында Матраимовдун мүлкүн текшере баштаган. Бирок текшерүү иштери ушул кезге чейин созулуп келет. Алар биринчисин бүтө электе экинчи “жумуш” кошулду. Экинчиси дегенибиз элге дуу болгон «Азаттыктын» 29-майда жарыяланган «Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи». Ал боюнча төргөө тобу түзүлүп, иштеп жатат. ЖК депутаты Искендер Матраимов иликтөөдөгү нерселерди четке кагып, бардыгы мыйзам чегинде экенин билдирген. Эмне кылабыз, Финполдун тергөөсүн күтө туралы?!

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.