Өмүрбек Текебаев Аида Салянованы камоодо мыйзам бузулганын айтты

Өмүрбек Текебаев Аида Салянованы камоодо мыйзам бузулганын айтты

Учурда М.Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунда дарыланып жаткан, «Ата Мекен» партиясынын лидери, экс-депутат Өмүрбек Текебаев Аида Салянова боюнча бүгүн пикирин билдирди. Интервьюну журналист Динар Турдугулова адвокат Чынара Жакупбекованын жардамы менен алып, өзүнүн “Фейсбуктагы” баракчасына жарыялады. Конституциянын «атасы» Аида Салянованы камоодогу мыйзамдын бузулганын конкреттүү түшүндүрүп бериптир…

— Өмүрбек Чиркешович, Аида Салянованы камакка алуу Конституциянын нормаларына туура келеби?

— Конституцияда кээ бир кызмат адамдарына иммунитет каралган. Иммунитет кызмат адамдарынын өз милдетин, өз функциясын көз каранды болбостон аткарыш үчүн кепилдик берген институт. Биздин Конституцияда төмөндөгү кызмат адамдарына иммунитеттер каралган: Президент, Жогорку Кеңештин депутаттары, судьялар жана Генералдык прокурор. Президентти, Жогорку Кеңештин депутаттарын, Генпрокурорду кылмыш жообуна тартууга Жогорку Кеңеш гана уруксат берет. Ал эми судьяларды кылмыш жообуна тартуу үчүн соттор кеңешинин макулдугун алуу зарыл.

— Бул кызматта турган адамдар жөнүндө сөз болуп жатат да. Алар кызматтан кеткенден кийин Конституцияда кандай тартип каралган?

— Мен санап өткөн кызмат адамдары кызматтан кеткенден кийин кандай иммунитетке ээ болоору Конституцияда көргөзүлгөн эмес. Бирок, былтыр Конституциялык палата экс-президенттин кол тийбестиги жөнүндөгү маселени карап жатып, “экс-президент да президенттен кем эмес кол тийбестикке ээ болуш керек” деген чечимин чыгарып, Жогорку Кеңешти ошондой мыйзам алууга милдеттендирген. Баарыбыз билебиз, Конституциялык палатанын чечими жакса, жакпаса да, аны бүтүндөй Кыргызстандын территориясында аткарууга жатат. Былтыр Конституциялык палата дагы бир чечим чыгарды. Ал чечиминде экс-судьялар да иммунитетке ээ болот деп айтышкан.
Жалал-Абад облустук прокуратурасы төрт экс-судьяга иш козгогон. Ал судьялардын адвокаты Чынара Жакупбекова болгон. Ал азыр менде адвокат. Ошол судьялар сотко кайрылышып, шаардык, облустук, Жогорку сот Конституциялык палатанын чечимине таянып, “экс-судьялар да судьялардай эле кол тийбестикке ээ, экс-судьяларды кылмыш жообуна тартыш үчүн Ген.прокуратура соттор кеңешинин макулдугун алыш керек” деген чечим чыгарган. Ошентип, Кыргызстанда Конституциялык палата менен Жогорку сот иммунитет институтун тактап, Конституциялык нормаларды кандай түшүнүш керектигин аныкташкан. Бул соттордун чечими Кыргызстандын территориясында сөзсүз аткарылышы зарыл. Баарыбызга белгилүү Аида Салянова ал Ген.прокурор болуп турган мезгилдеги иши үчүн айыпталып жатат. Демек, Конституциялык палатанын, Жогорку соттун чечимдерине ылайык, экс-Ген.прокурор Аида Салянованы кылмыш жообуна тартыш үчүн Жогорку Кеңештин макулдугу сөзсүз алынышы керек. Ансыз Аида Саляновага жасалган аракеттердин баары мыйзамсыз. Ал аракеттерди жүргүзгөн адамдар мыйзам алдында жооп бериши керек.

— Ушуну УКМК дагы, ИИМдеги, Ген.покуратурадагы юристтер, тергөөчүлөр билишкен жокпу?

— Мына ушул окуянын өзү бизде компетенттүү, профессионалдуу кадрлар дефицит экендигин көргөзөт. Бүгүнкү тергөөчүлөр Конституциянын нормаларан түшүнүшпөйт. Кыргызстандагы укук колдонуу практикасы менен тааныш эмес. Болбосо алар Конституциялык палатанын, Жогорку соттун чечимдерин билип, ошого ылайык иш алып барууга милдеттүү эле. Аида Саляновага болгон мыйзамсыз, Конституцияга каршы келген иш-аракеттерди Жогорку Кеңеш териштирет деп мен ишенгим келет.

Рыскелди МОМБЕКОВ: “Саляновага кылмыш ишин козгоодо Баш мыйзам бузулду”

Деп ЖК депутаты Рыскелди Момбеков 4-июнда «Азаттыкка» берген маегинде айткан эле. “Баш мыйзамдын 74-беренесинин 4-главасында, «Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктары жөнүндө» берененин экинчи бөлүгүндө башкы прокурорду дайындоого президенттин сунушу менен парламент макулдук берээри, жазык жоопкерчилигине тартууга да макулдук берээри жазылып турат. Аида Жеңишбековага козголгон кылмыш иши анын башкы прокурор болуп турган кездеги кыймыл-аракети менен байланыштуу болуп жатпайбы. Ошол жактан алып караганда, Баш мыйзам бузулду”,-деген депутат.

Эл өкүлүнүн айтканында калет жок. Бирок, ушул сөзүн парламентте айтып чыгаар бекен? Бүрсүгүнү сессия, анда депутаттар ушул маанилүү маселени көтөрүп чыгып, Баш мыйзамдын бузулганын айтаар бекен?

Өмүрбек Текебаевдин үй-бүлөсүнүн билдирүүсү…

Буга чейин Өмүрбек Чиркешовичтин үй-бүлөсү Аида Салянованы моралдык жактан колдоп, жылуу пикирлерин билдиришкен. Айгүл Текебаеванын билдирүүсүн бу жердеги ШИЛТЕМЕден окуңуз! Ал эми Тилла апанын видео-кайрылуусун төмөндөн көрүңүз!

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.