(ВИДЕО) ЖЭЭНБЕКОВ: «Бир ууч топко кызмат кылып, уурулугун жашырам деп убада берген эмесмин»

(ВИДЕО) ЖЭЭНБЕКОВ: «Бир ууч топко кызмат кылып, уурулугун жашырам деп убада берген эмесмин»

Бүгүн Жогорку Кеңештин депутаттарынын сессиясы экс-президент Алмазбек Атамбаевдин 8-июндагы митингде сүйлөгөн сөзүнө теригүү менен башталды, башкача айтканда, реакция кылышты.

РЫСПАЕВ: “Бул жакта ”чимкирик” менен “какырыктар” жок”

Биссимиллда дегенде эле КСДП фракциясынын депутаты Кожобек Рыспаев баштап, Атамбаевдин сөзүнө аябай арданды. Аны төмөнкү ВИДЕОдон көрүңүз!

Атамбаевдин калпын талдап чыккан Исаев

Кожобек Рыспаевден кийин эле сөздү “Кыргызстан” фракциясынын лидери Канат Исаев алып, ал 20 мүнөт сүйлөп, Атамбаевдин 8-июнда айткандарынын калпын кагаз жүзүндө, факты менен далилдеп берди. Аны төмөнкү ВИДЕОдон көрсөңүз болот.

МАМЫТОВ: “Атамбаевди эми коргоор мыйзам жок”

Канат Исаевден кийин депутат Талант Мамытов кесиптешинин сөзүн колдоп, экс-президентке бир топ сын айтты. “Бул кол тийбестик бардык президенттердин куткаруучу мыйзамы эле. «Уурдасам, коррупцияга аралашсам, куугунтуктасам мени эч ким камай албайт, кол тийбестигим бар» деген нерсе менен жашап келишкен. Ошол себептен эки төңкөрүш болду. Бирок ошол маселеге Жээнбеков чекит койду. Бүгүнтөн баштап экс-президент жана депутаттар — бардыгыбыз мыйзам алдында бирдей элебиз. Демек, Алмазбек Шаршенович, эми сизди коргоор мыйзам жок, мыйзамдын элегинен ар кимди куугунтуктап, каалагандай өткөрдүңүз, кезек өзүңүзгө келди»,-деди Т.Мамытов.

Шыкмаматов Өмүркулов тууралуу ачуу чындыкты айтты…

Андан кийин КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов чыгып сүйлөп, ал дагы Атамбаевдин кыймыл-аракетин сынга алды. “Бийликтен кеткенден кийин тынч эле отура берсе болмок”,-деп кейиди. Ал сүйлөп бүтөөрү менен «Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов анын сөзүнө кошула албасын бетине айтып салды. Анын себебин төмөндөгү ВИДЕОдон көрүңүз!

ЖУМАБЕКОВ: “Атамбаев Ак үйдү басып алам” деген…”

Бүгүнкү жыйында Атамбаевдин айткан сөздөрү тууралуу туура сын айтылганын кабылдаган төрага Дастан Жумабеков да трибунага чыгып сүйлөп, экс-президентке каяша айтты. Ал өзгөчө Матраимовдорго басым жасап, Мамлекеттик бажы кызматынын мурунку төрагасы Райымбек Матраимовдун тою Атамбаевдин бийлигинде эле өтүп келгенин айтып, КСДП да, өзү да Матраимовдордун аркасы менен Кара-Суу районунан көп добуш алып келгенин эске салды. Ошондой эле ал Атамбаев менен жолугуп, ал эмне деп айтканын жашырган жок. “Мага кошул, мен керек болсо 10 миң киши менен Ак үйдү басып алам”, -деди. Мен жакамды кармадым. Бирок, мен “Алмаз Шаршенович, мен сизге кошула албаймын, бүгүндөн баштап сиздин саясатыңыздан чыктым. Мага саясаттан, төрөгалыктан да мурун элдин кызыкчылыгы керек” деп айттым”,-деди төрага. Эскерте кетсек, Д.Жумабеков Атамбаевдин жазында сүйлөгөн сөзүнө да жооп кайтарган.

Кыскасы…

Депутаттар мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин ишмердүүлүгүн жана соңку учурдагы билдирүүлөрүн сынга алып, анын кол тийбестигинен ажыратуу демилгесин көтөрүп, сунушташты. 50дөн ашуун депутат колдогону маалым болду.

Атамбаев биринчи жолу, жазында сүйлөгөндө да катуу сүйлөгөн. Ошондон кийин эле, апрель айында президент Сооронбай Жээнбеков парламентке барып, сөз сүйлөп, Атамбаевдин атын атабаса да, ага жооп кылган эле.

ЖЭЭНБЕКОВ: “Кудайдын, элдин алдында карызым бар”

Президент Сооронбай Шарипович мындай сөзүн мындан эки ай мурун, 11-апрелде Жогорку Кеңешке барганда сүйлөгөн. Анда мамлекет башчы тышкы саясат, коомдук-саясий абал, аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү, коррупция менен күрөшүү, социалдык-экономикалык маселелер, реформаларды ишке ашыруу боюнча маселелерди айткан. Ушуларды ашырууда чагымчылдык болуп жатканын да баса белгилеп: “Элдин ишенген президенттик милдетимди мамлекетти оңдоого жумшайм. Мындан башка менин милдетим дагы, карызым дагы, жашоомдун маңызы дагы жок. Менин бир гана Кудайдын, элдин алдында карызым бар, башка менин эч кимден карызым жок. “Бир ууч топко кызмат кылам, алардын кызыкчылыгын коргойм, уурулугун жашырам” деп убада берген эмесмин. Мен элдик президент болом деп элге убада бергем”,-деген. Андагы сөзү ошол замат эле Ютубга жарыяланган. Аны төмөнкү ВИДЕОдон көрүңүз!

ЖОЛДУБАЕВА: “Түзүлгөн сценарийдин ролун депутаттар жакшы аткарышты”

КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Кундуз Жолдубаева Атамбаев жөнүндө сөз болгон жерге өз учурунда жооп берип турат. Бүгүн да депутаттарга жооп кайтарды. Ал “Азаттык” радиосуна: “Экс-президентти жоопко тартуу маселесин көтөрүү кылдат даярдалган сценарий экени көрүнүп турду. Ролдорун жакшы аткарышты. Жогорку Кеңеш саясий буюртманы аткарып жатат. Бирок экс-президентти эл каматып коюп, унчукпай отуруп калбайт. Эгер бийлик от жандырам деп жатса, ошого барып көрсүн. Бирок бул бийликтин өзүнүн кыйрашына гана алып келчү себеп болот”,-деген оюн билдирген К.Жолдубаева.

Эскерте кетсек…

Экс-президент Алмазбек Атамбаев 8-июнда КСДП уюштурган митингге катышып, сөз сүйлөп президентти, парламентти сындаган. Ошонун эртеси эле экс-депутат Каныбек Осмоналиев менен маектешкенибизде, ал Алмазбек Атамбаевдин сөзүнө юридикалык баа берилиши керектигин айткан. Ал маекти бул жердеги ШИЛТЕМЕден окуңуз!

Назира СААЛИЕВА

P.S. Бүгүн Жогорку Кеңештин сессиясында экс-депутат Аида Салянованын бүгүнкү абалы боюнча сөз болуп, маселе көтөрүлгөн. Ал боюнча өзүнчө материалдан окуй аласыздар. Аны менен катар бүгүнкү соттун чечими боюнча да макалалар жарыяланат.

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.