Бирге окуп, бирге иштегенге Бакыт Бакетаев чакырууда…

Бирге окуп, бирге иштегенге Бакыт Бакетаев чакырууда…

“Джунда” Чайна Петроль Компани жана “Манас” университети кызматташтык тууралуу меморандумга кол коюлганын экономист, коомдук ишмер, саясий серепчи Бакыт Бакетаевден уктук. Ал уюшулган иш-чарага барганын, ага аталган университеттин биринчи проректору А. А. Кулмырзаев, проректорлор А. М. Мокеев, Х.Огут, университеттин профессорлору, “Джунда ЖЧК ЧПКнын “Орто Азия энергетика компаниясынын” башкы директору А. Садырбаев жана ЖЧКнын башка жетекчилери катышканын айтты. Өз көзү менен көрүп, укканын коомчулукка жеткирүү үчүн кеп кезегин Бакыт мырзага берели.

Уюшулган иш-чара боюнча айта кете турган болсом, проректор А. Кулмырзаев окуу жайдын ишмердүүлүгү менен тааныштырды. Окуу жай тууралуу видеофильмди көрсөтүлдү. “Орто Азия энергетикалык компаниясынын” башкы директору Яо Гаоминь Шэньси көмүр кычкыл корпорациясы жана “Джунда ЧПК ЖЧК тууралуу айтып берди. Ал бул документке кол коюлушунун өзү жетектеген компанияга өтө мааниси зор экендигин баса белгиледи. Аны менен бирге ал кытай жана кыргыз ЖОЖдорунун кызматташтыгын координациялоого даяр экендигин кошумчалады. Андан соң, ишкана тууралуу видеофильм көрсөтүлдү. Иш-чаранын соңунда “Джунда ЧПК ЖЧКнын башкы директору А. Садырбаев жана “Манас” университетинин биринчи проректору А. Кулмырзаев кызматташтык тууралуу меморандумга кол коюшту.

Стратегиялык кызматташтык тууралуу бул документке кол коюлушунун өтө чоң мааниси бар. Өз ара кызматташтык принцибинин негизинде тараптар химиялык өнөржай жана тил илими адистиктери боюнча билим алып жаткан студенттер үчүн практикалык база түзөт. Бул ишкананын туруктуу өнүгүүсүн жана квалификациялуу адистер менен толукталышын камсыз кылат. Өз кезегинде студенттер өздөрүнүн алган билимдерин практика жүзүндө бекемдеп, тажрыйба алып, адистиги боюнча жумуш менен камсыз болушат.

“Джунда” ЧПК ЖЧКсы Шэньси провинциясынын капиталы менен иш жүргүзгөн заманбап мунайды кайра иштетүүчү завод болуп саналат жана “Бир кур – бир жол” демилгесин ишке ашыруунун алкагында иш жүргүзөт. Анын инвестору “Орто Азия энергетикалык компаниясы” (Кытай Шэньсий көмүр кычкыл корпорациясынын карамагындагы компания) болуп саналат. Ишкана Чүй облусунун Жайыл районуна караштуу Кара-Балта чыгыш өнөржайында жайгашкан. Аянты – 347 гектар. Кубатуулугу жылына – 1 млн. тонна.

Азыркы учрда бул объекте 1300 жумушчу орду түзүлгөн. Алардын арасында көпчүлүгү башкы директор, башкы директордун орун басары, каржы директору, бөлүм начальниги сыяктуу чоң кызматтарда Кыргызстандын жарандары иштешет. Адистер негизинен Кытайдан. Дагы эки миңден ашык кыргызстандыктар ишкананын ишмердүүлүгү менен кыйыр түрдө байланышкан чөйрөлөрдө иштешет.

2014-2018-жылдары төлөнгөн салыктын жалпы суммасы 9,33 млрд сомду түзгөн. Өткөн жылы төлөнгөн салыктын суммасы – 43 млн. АКШ доллары. Компания Кыргызстандагы ири салык төлөөчү компаниялардын арасында экинчи орунду ээлейт. 2011-2018-жылдары демөөрчүлүк жана кайрымдуулук жардамдардын жалпы суммасы 15 млн. сомго жакын каражатты түзгөн. Учурда спорт зал үчүн 10 млн. сом өлчөмүндөгү кайрымдуулук иретиндеги план даярдалууда. Компания айлана чөйрөнү коргоого көп көңүл бурууда жана экологияны сактоо боюнча иш чараларга жигердүү катышып келет. Бул багытта өткөрүлгөн акыркы акцияда компаниянын кызматкерлери №41 автожолдун жээгине 1500 дарактын көчөтүн отургузушту.

“Джунда” ЧПК ЖЧК туруктуу өнүгүүсүнө карап ачык кызматташтык, өз ара пайда көрүү жана биргелешкен ийгиликтер принцибин карманат. Компания жергиликтүү билим берүү мекемелер менен жергиликтүү кызматкерлерди кыргызстандыктардын үлүшүн көбөйтүү жана жергиликтүү экономиканы өнүктүрүү, ошондой эле элдин турмуш деңгээлин жогорулатуу максатында кызматташууга дилгир.

Жалпысынан компания Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бекем сактоо саясатына таянып, ачык айкындуулук негизинде инновациялык климатты колдоону пландаштырууда. Компания Кыргызстандын эли менен биргеликте эки өлкөнүн жыргалчылыгы үчүн тарыхый бир тууган кошуналык салты менен “экологиялык” Жибек Жолун курууга даяр.

“Бирге окуп, бирге иштейли”,-деп бүтүрөт сөзүн Бакыт Бакетаев.

Даярдаган Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.