Атамбаевге алты оор айып коюлду. Эртең экс-президенттин тагдыры чечилеби?

Атамбаевге алты оор айып коюлду. Эртең экс-президенттин тагдыры чечилеби?

Бүгүн, 18-июнда, депутаттык комиссия экс-президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестик макамынан ажыратуу боюнча корутундусун чыгарды. Аны менен катар КСДП “Убактылуу депутаттык комиссия жөнүндө” аталышта маалымат жыйынын өткөрдү. Анда экс-президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестик макамынан ажыратуу боюнча түзүлгөн комиссия тууралуу сөз болду.  

Аталган партиянын мүчөсү Нурбек Касымбековдун айтымында,  Жогорку Кеңеште түзүлгөн комиссия мыйзамсыз иш алып барууда. «Жогорку Кеңештин регламенти тууралуу документте парламент мурдагы президентти «экс» макамынан ажырата алат деген норма жок. Комиссия түзүү үчүн атайын токтом чыгышы керек. Биз «Эркин Тоо» гезитинин жаңы санын алдык. Анда эч кандай токтом жок«, — дейт Н. Касымбеков. Ал эми КСДП фракциясынын Жогорку Кеңештеги депутаты Асел Кодуранованын айтымында, түзүлгөн комиссия документти депутаттарга кагаз түрүндө көрсөтүшкөн эмес, окуп гана беришкен. “Ал документке кимдер кол койгонун биз, депутаттар, ушул убакка чейин билбейбиз. Негизи Атамбаев боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын курамында жеке таарынычы бар адамдар чогулган. Кандай жол менен болсо да депутаттар, жайкы каникулга кеткенче Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратууга аракет кылып жатышат. Мөөнөттөр бузулууда. Биз эсептесек, кеминде 2-2,5 ай убакыт кетмек, — дейт А.Кодуранова.

Кундуз ЖОЛДУБАЕВА: “Атамбаев эч жакка качпайт, качууга негиз да жок”

“Атамбаев Кыргызстандан качып кеткен жокпу, ал кайда?” деген журналисттердин суроосуна КСДП саясий кеңешинин мүчөсү Кундуз Жолдубаева жооп кылып буларды айтты: “Бир жарым жылдан бери ушул сөз токтобой койду. Азыр да айрым чагымчыл адамдар Алмазбек Шаршеновичти  өлкөдөн чыгып кетти дешүүдө. Экс-президент учурда Бишкекте, иш ордунда. Ал эч жакка качпайт! Качууга негиз да жок».

Кол тийбестигинен ажыратуу боюнча Атамбаевдин ­­­пикири…

Айтмакчы, ушул күндүн алдында, тагырагы, 17-июнда К.Жолдубаева кол тийбестиктен ажыратуу макамы боюнча экс-президент Алмазбек Атамбаевдин пикири дегендей мындай билдирүүнү айткан: “Экс-президент Алмазбек Атамбаев менен сүйлөштүм. Ал муну болбогон нерсе деп,  Матраимов-Жээнбеков кланы башында турган коррупциядан коомчулуктун көңүлүн башка жака буруу аракети катары баалады”.

Депкомиссия качан түзүлгөн жана анын мүчөлөрү кимдер?

Эскерте кетсек, Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестик макамынан ажыратуу боюнча депкомиссия Жогорку Кеңеште 13-июнда түзүлгөн. Курамына депутаттар:  Өмүрбек Бакиров, Евгения Строкова, Кожобек Рыспаев, Максатбек Эгембердиев, Талант Мамытов, Бактыбек Райымкулов, Жыргалбек Турускулов, Канатбек Исаев, Алмазбек Токторов, Алтынбек Жунус уулу, Бактыбек Турусбеков жана Каныбек Иманалиев кирип, төрагалыгына Каныбек Капашович шайланган. Алар эки күндөн бери жыйынга чогулуп, талкууларды өткөрдү. Кечээ чоң жыйын болуп, ага ЖК депутаттары, коомдук ишмерлер, тийиштүү бийлик өкүлдөрү, бир кыйла ЖМК өкүлдөрү келип катышты. Ошондой эле Атамбаевдин бийлиги учурунда соттолуп чыккан саясатчылар да келип, мурдагы президентти жоопко тартууну талап кылышты. Депкомиссия бир катар адамдардын экс-президенттин бийликте турган кезинде кетирген катачылыктары тууралуу далил-жүйөлөрүн угуп, көтөрө келген кагаздарын кабыл алышты. Экс-президентке карата тийиштүү айыптар жарыяланып, кайсы айыптар боюнча кандай иликтөө-тергөө иш-чаралары жүрүп жатканы, экс-президенттин кайсынысына канчалык катыштыгы бардыгы тууралуу суроолорго да болжолдуу жооптор алынды.

Атамбаевге коюлган алты айып…

Депкомиссия бүгүн, 18-июнда, өз корутундусун чыгарды. Анын төрагасы Каныбек Иманалиевдин айтымында, сунушталган тогуз киненин алтоосу колдоо таап, үчөө Атамбаев президенттикке келе элек убактагы иштер болгондуктан каралбай турган болгон. Алынган ал үч доомат булар: Орусиянын 123 жаранына курал берүү, «Фрунзе Резорт» компаниясы жана 35,65 га жердин трансформация болушу. Ал эми Алмазбек Атамбаевге коюлган алты айып булар:

  1. Журналисттерге койгон айыптары;
  2. Кой-Таштагы жер тилкеси;
  3. Кримтөбөл Азиз Батукаевдин бошотулушу;
  4. «АкаИнвест» компаниясы;
  5. Бишкек Жылуулук энергоборборунун иши (ТЭЦ);
  6. Бишкекке көмүр ташып келүү; (Таш көмүр “мафиясы” таржымалын бул жердеги ШИЛТЕМЕден окусаңыз болот).

Кызыгы, коомчулук көптөн бери сөз кылып, чындыктын ачылышын күтүп келаткан Дача СУ маселеси боюнча учкай кеп болду, бирок эмнегедир дооматтар тизмесине кирген жок. Же бул да убакыттын ишиби, ким билет…

Жакын арада Атамбаев кол тийбестигинен ажырайбы?

Бүгүн Жогорку Кеңештин эки комитети удаа-удаа мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди жоопко тартуу үчүн аны кол тийбестиктен ажыратуу маселесин жана депкомиссиянын корутундусун карап, дароо макулдукту беришти. Токтолсок, корутундуну алгач Укук тартиби, кылмыштуулукка  каршы күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү комитети карап, анан Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана парламенттин регламенти боюнча комитети карап, талкуулады. Эми бул маселе эртең парламенттин жалпы жыйынына чыгарылат. Эреже боюнча, депкомиссиянын корутундусу Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында 60 добуш алса, анда прокуратурага жөнөтүлөт, ал боюнча прокурор пикирин билдирип, кайра депутаттарга жөнөтөт. Ошондон кийин, эгер 80 депутат макулдугун берсе, анда кол тийбестик алынат.

Ага чейин дагы кандай иштер болуп кетерин, убакыт көрсөтөр…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.