16 жылдан бери баласын күткөн энеге жардам берели (ВИДЕО)

16 жылдан бери баласын күткөн энеге жардам берели (ВИДЕО)

65 жаштагы Тагаева Айтбүбү апа Алай районунун Көк-Суу айылында жашайт. Апабыз Зулкайнар Тагаев аттуу баласын 16 жылдан бери издеп келет. Ушунча жылдан бери жол карап, уулун күтүп келген эне видео аркылуу баласына кайрылуу жасады. Аны төмөндөгү ВИДЕОдон көрүңүз!

Зарлап күтүп жүргөн апанын баласы (Зулкайнар Тагаев) 1986-жылы 16-июнда туулган. Ал 2003-жылы 17 жашында үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгон.

Үмүтүн үзбөй күтүп келаткан апага баласын табууга жардам берели, туугандар! Бөлүшүп коюңуздар, болгон социалдык тармактарга таратып коюңуздарды өтүнөбүз. Эгер таап калсаңыздар, төмөнкү телефондорго чалыңыздар: 0704 44 02 96 (апасы), 0778 72 65 88 (агасы), 0704 44 84 94 (эжеси)

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.