Атамбаевге коюлган оор айыптарды генпрокуратура негиздүү деп тапты. Экс-президент эми камалабы? (ВИДЕО)

Атамбаевге коюлган оор айыптарды генпрокуратура негиздүү деп тапты. Экс-президент эми камалабы? (ВИДЕО)

Бүгүн, 25-июнда башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетке келип, экс-президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратыш үчүн түзүлгөн депутаттык комиссиянын алты айыбынын бешөөн негиздүү деп таап, аны окуп берди.

  1. Кой-Таш айылындагы жер тилкеси боюнча;
  2. Кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча;
  3. Акча адалдаган «Ака инвест» компаниясы боюнча;
  4. ТЭЦти реконструкциялоодогу коррупция боюнча; 
  5. ТЭЦке көмүр ташыган компаниянын кызыкчылыгын коргоо боюнча;

Кененирээк төмөндөгү ВИДЕОдон көрсөңүз болот.

Депутаттык комиссиянын төрагасы Каныбек Иманалиев Атамбаевдин кол тийбестик макамынан ажыратуу Башкы прокуратуранын жообунан кийин чечиле турганын билдирген эле. Башкы прокуратуранын жообун уктуңуздар. Эми бул маселе парламенттин жалпы жыйынында каралып, экс-президенттин тагдыры чечилет. Ал кол тийбестик макамынан ажыратылса эле ага иш козголуп, камалат. Ошондо Атамбаев ушул жумада камалабы?

Эгерде депутаттык комиссиянын корутундусун толук окуй десеңиз, анда бу жердеги ШИЛТЕМЕге кириңиз!

 

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.