ШАШЫЛЫШ КАБАР: 20 жаштагы кыз тезинен операцияга муктаж! Колдон келишинче жардам кылалы, туугандар!

ШАШЫЛЫШ КАБАР: 20 жаштагы кыз тезинен операцияга муктаж! Колдон келишинче жардам кылалы, туугандар!

20 жаштагы студент кызга (Кенже Талантбек кызына) врачтар жакында эле жаман диагноз (острый лейкоз Б1, Б2 (рак крови) коюшканы тууралуу жана ага тезинен операция керектигин туугандары биздин alakan.biz сайтына билдирди.

Алардын айтымында, Кенже учурда Улуттук онкология борборунда дарыланууда, бирок, ага карабастан кыздын абалы күндөн күнгө кыйындап барат. Себеби, студент кызга тезинен операция кылуу керектигин, ал операция Санкт-Петербургда гана жасалаарын врачтар апасына, туугандарына айткан. Ага 67 миң АКШ доллары керектелүүдө. Мындай сумманы кыздын апасы (атасы каза болуп калган), туугандары чогулта албайт. Ошондон улам, элден жардам сурап кайрылышууда.

Урматтуу калайык калк, туугандар, ал мончоктой кызга жардам кылып, өмүрүн сактап калалы. Бир сомдон чогултсак да, чоң жардам, соопчулук.

Эгер жардам берем дегендер болсо, анда төмөнкү телефондорго чалыңыздар, ЭЛСОМго колдон келген каражат салыңыздар!
Акча которуу реквизиты: ЭЛСОМ: 0555185502
Байланыш телефондору: 0709580553, 0501280267

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.