ВИДЕО: Кызынын сөөгүн Кыргызстанга үч жылдан кийин алып келип көмгөн апа…

ВИДЕО: Кызынын сөөгүн Кыргызстанга үч жылдан кийин алып келип көмгөн апа…

Бүгүн, 25-июнда, Бишкек шаарындагы М. Горький атындагы сейил багында “Мигрант үнү” аттуу акция болуп өттү. Аталган акцияны «Замандаш» партиясы уюштуруп, ага Орусияда жана башка өлкөлөрдө иштеген мигранттар, коомдук уюмдардын өкүлдөрү жана ЖК депутаты Алмамбет Шыкмаматов катышты. Иш-чаранын максаты чет жакта иштеп жүргөндөрдүн көйгөйүн, үнүн бийликке жеткирүү.

Аталган акцияда көп маселелер айтылды. Эң көйгөйлүү маселе — чет өлкөдө убактылуу иштеп жүргөн мекендештердин сөөгүн Кыргызстанга алып келүү болду, тагырагы, ар кандай кырсыктарга кабылып, набыт болгон кыргызстандыктарга өз өлкөсүнө алып келүү азап болууда. Москвада иштеп жүрүп каза болуп калган кызынын сөөгүн үч жылдан кийин Кыргызстанга алып келип көмгөн эненин сөзүн укканда жандүйнөң титирейт. Бул маселе боюнча апанын кайрылбаган жери, какпаган эшиги калбаптыр. Абдиева Гүлүпа апабыздын айтымында, маркумдун сөөгүн үч жылдан кийин, “Замандаш” партиясынын жардамы менен Кыргызстанга алып келип көмгөн. “Айланайындар, менин башымдан өткөн кайгыны эч бир энеге, дегеле эч кимге каалабайм. Менин кызым Москвада иштеп жүрүп, 2015-жылы 15-мартта каза болуп калган. Мен кызымдын өлүмүн өтө кеч уктум. Мага эч ким айткан эмес. Көрсө, кызым каза болгондо эле тиешелүү жерге айтылган экен. Алар бизге айткан эмес. Кызымдын сөөгү моргдо бир ай жатыптыр. Анан алар эч ким келбегенден кийин, моргдон кызымдын сөөгүн алып чыгып, убактылуу бир жерге көмүп коюптур. Ал жерге да түбөлүк жатпайт экен, үч жылдан кийин кайра казылып алынып, күйгүзүп жиберип, анын ордуна башканы көмө беришет экен. Аны угуп алып, сай-сөөгүм сыздап, Кыргызстанга алып келе албай канча азап тарттым. Барбаган жерим, какпаган каалгам калган жок, депуттарга, чоңдордун баарына бардым, тилекке каршы, мага эч ким жардам бере алган жок. Бир мекемеге барсам, алар: “Жалгыз эле сиздин кыз эмес, мындайлар толтура. Бул маселени биздин өкмөт карабайт” деп кагып койду. “Өкмөт, бийлик, депутаттар карабаса, анда ким карайт?” деп кайгырып жүргөндө, бир күнү таякемдин небереси үйгө келип калып, чоо-жайыбызды сурады. “Биздин өлкөдө мыйзам иштебейт экен, Конституция деген жок турбайбы. Мага эч ким жардам бербей жатат”,-деп кейисем, ал “Замандаш” партиясы жардам бере алат”,-деди. Дароо эле дарегин сурап, бир күн кечке издеп, акыры таап бардым. Барсам өңү тааныш бала тосуп алды, көрсө, аны телевизордон көрүп жүргөн эле бала экен, Жеңиш Молдокматов турбайбы. Анан ага көйгөйүмдү айтсам, ал: “Апа, колдон келишинче сөзсүз жардам беребиз. Бирок, Москвага көмүлүп калган сөөктү Кыргызстанга алып келүү оңой эмес, убакыт керек”,-деди. “Ушунча күткөн жаным күтөм”,- дедим. Үч ай чуркашты, анан Москвадагы кызымдын сөөгүн каздырып, самолет менен Кыргызстанга алып келип, өздөрү каздырып даярдап койгон мүрзөгө алып барып коюп беришти. Рахмат, кагылайындар, өркөнүңөр өссүн! Бийликке, Өкмөткө, парламентке дал ушундай балдар, эл үчүн кызмат кылган, көйгөйлүү маселени чечкен адамдар келүү керек. Бул бир. Экинчиден, бүгүнкү көтөрүп жаткан “Жүк-200” маселеңер туура. Ошол сөзсүз чечилиши керек, себеби, менин кызымдай болуп сөөктүн алынып келиши кыйындайт. Башка жакка жыргаганынан кетпейт да биздин уул-кыздар. Кыргызстанда жумуш жок болгондуктан, азыр бир неберем Америкада иштеп жүрөт. Анын айтымында, ал жакта бирде жумуш болсо, бирде жок экен. Элди жумуш менен камсыз кылууну ойлобойбу, бу бийлик”,-деп кейип, акцияны уюштурган “Замандаш” партиясына ак батасын берди.

Апанын айткандарын төмөнкү  ВИДЕОдон көрсөңүздөр болот.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.