Атамбаевдин үйүнүн жанына боз үй тигилип, таш төгүлүп, төшөк ташылды… Экс-президенттин билдирүүсүндөгү калпы…

Атамбаевдин үйүнүн жанына боз үй тигилип, таш төгүлүп, төшөк ташылды… Экс-президенттин билдирүүсүндөгү калпы…

Бүгүн, 26-июнда экс-президент Алмазбек Атамбаев Кой-Таш айылындагы үйүндө  «элдик штабдын» (ал күн мурун түзүлгөн эле — авт.) мүчөлөрү, тарапташтары менен жолугуп, Амантур Жамгырчиев аттуу жигитти туулган күнү менен куттуктап, ага саат белек кылды. Анан ал жердеги тарапташтары букага союлардын алдында бата сурады эле, Атамбаев куран окуду. Тыштагы жолдун боюндагы суунун жээгине төрт боз үй тигилди. Машина менен төшөктөр ташылып келди.

Мискенбаев депутаттарды “чимкирик” деп күлүп…

Ошондой эле тарапташтары, экс-депутат Мээлбек Мискенбаев  журналисттерге байма-бай сүйлөп берип жатты. Ал ар бир сөзүндө “атасындай” болуп парламентти бир канча жолу “чимкирик” атап, күлүп жатты. Ал эле эмес, тарапташтарынын баары депутаттарды “чимкирик” деп атышты.

Үстү жука чөп менен жабылган таштар…

Үйүнүн короосуна кире бериш жакта бир нече бетон тосмо жана эки жерде чөмөлөй турган.  Көрсө, үйүлүп турган үстү жука чөп, алды таш экен. Аны журналисттер Мискенбаевден сураса, «ал курулуш иштерине ташылып келген таштар»,-деди. Анда неге үстү чөп менен жабылган? Чындыкка дал келбейт да. “Азаттык” радиосунун журналисти Токтосун Шамбетов тасмага тартып, көрсөтүп соцтармактарга таратты. Аны төмөнкү ВИДЕОдон көрүңүздөр!

АТАМБАЕВ: “Башкы прокурор жөөлүгөн калжыракты бир күндүн ичинде мыйзамдаштырып берери оюма да келбептир”

Атамбаевге журналисттер суроо берсе, ал “бир аздан соң билдирүү жасайм”,-деген. Сүйлөбөй эле, кагаз жүзүндө билдирүү таратты. Ал билдирүүнү КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева социалдык тармактарга таратты. Андай мындай деп жазылган.

Урматтуу мекендештер!
Сиздер учурда Жогорку Кеңеште эмне болуп жатканын көрүп турасыздар. Эл чындыкты укпасын деп Сооронбай Жээнбеков менин үнүмдү басыш үчүн бүт аракетин жасап жатат. Бул максатка жетишүү үчүн мамлекеттик органдардын бүткүл ресурсу иштеп жатат. Буга мурдакы ыплас коррупциялык иштери менен белгилүү болгон эң эле ыплас саясатчылар тартылган, кадыресе адептин чегинен чыккан маалыматтык технологиялар пайдаланылууда.
Мен мурда бул оюнга катышпай турганымды билдиргенмин. Жоопкерчиликтен корккон жерим жок. Бирок тарыхтын алдында Жээнбековдор кылып жаткан мыйзамсыздыкты легалдаштырууга акым жок. Кылмыш иштери ушактарга жана ойдон чыгарылган ыплас нерселерге негизделиши мүмкүн экенин эч качан ойлогон эмес элем. Башкы прокурордун жагалданып, мындай жөөлүгөн калжыракты бир күндүн ичинде мыйзамдаштырып берери оюма да келбептир. Бул биринчиден. Экинчиден, мени парламентке эч ким чакырган эмес. Анткени чындыктан коркушат. Өзүлөрүнүн бардык арам иштерин бул суу жүрөктөр бетпактык менен тымызын жасап көнүшкөн. Бажыдагы чектен чыккан коррупциянын бетин ачкан Кубан Кулматов менен Сапар Исаковду да ушундай эле коркоктук жана кара санатайлык менен камап салышкан.
Мага тагылып жаткан айыптоолордун маңызына келсек, мен дагы бир жолу кайталайм: мунун баары түккө турбаган былжырак айың кептер. Мисалы, прокуратура менин бизнес өнөгүм катары көрсөтүүгө аракеттенип жаткан ошол эле Субихи Пархатини алалы. Бул 2017-жылдын жайында Сооронбай Жээнбеков мага тааныштырган АКАинвесттин башчысы Хабибулла Абдыкадырдын сунушу менен менин мурдакы компанияларымдын бирин сатып алган адам. Жээнбеков мага Хабибулланы Кытайдан келген таанымал ишкер деп тааныштырган. Ошондуктан АКАинвесттин ээлери жөнүндө, бул компаниянын Кыргызстандын аймагындагы ишкер-долбоорлорго катышуусу, алган лицензиялары жана алардын Матраимовдор менен болгон байланаштары жөнүндө Сооронбай Жээнбековдон сураш керек. 
Артыкбаев менен Атахановдун мага каршы берген көрсөтмөлөрү да кысым астында алынганы ачык-айкын көрүнүп турат. Бул тергөө менен келишимге келүү эмес, өз ыйманына камчы чапкандык. Ыйман деле буларда калбаган окшойт.
Убагы келгенде Батукаевдин иши боюнча болгон чындыкты Батукаев өзү жигитчесинен айтып берет деп ойлойм. Аны бошотуу боюнча афераны кимдер ойлоп тапканы, ага рак менен оорулуу, жакында өлөт деген документтерди ким даярдаганы, жана бул жардамы үчүн кимдер канча акча алганы жөнүндө ачык айтса болмок.
Мен ошондой эле бул маселе боюнча Россия Президенти, урматтуу В.В. Путин да өз сөзүн айтаарына ишенем, анткени мен андан Батукаевди кайрадан Кыргызстанга кайтаруу жөнүндө оозеки да, кат түрүндө да далай жолу сурангам. Мен өзүмдүн президенттик мөөнөтүмдүн акыркы күнүнө чейин Батукаев кайра Кыргызстанга өткөрүлүп берилет деп ишенгенмин. Бүгүн бул фактылар туурасында кыргыз бийлиги унчукпай жатат. 
Мен эмне иштерди аткарсам, анын баарын Кыргызстандын эли үчүн жасагам. Болгон күч-аракетимди биздин жаш мамлекеттин коз карандысыздыгын бекемдөөгө, элдин турмушун жакшыртууга жумшагам. 
Сооронбай Жээнбеков көлдөй болуп мемиреп, тынч жаткан элди көздөй мыйзамсыздыктын, зөөкүрлүктүн кара ташын ыргытты. Эми бул көлдөн көтөрүлгөн толкун Жээнбековдун өзүн да, анын түрү суук үй-бүлөлүк – кландык режимин да шыпырып кетери анык. Экономикада жана социалдык чөйрөдө эч кандай оң жылыштар болбой, мамлекеттик башкаруу шал абалга кептелип турган азыркы кырдаалда бул толкунду эч ким токтото албайт.

Атамбаев дагы каратып туруп калп айтты…

Тобо кылдык! Атамбаев дагы каратып туруп калп айтты. Анын жогорку билдирүүсүндө: «мени парламентке эч ким чакырган эмес. Анткени чындыктан коркушат. Өзүлөрүнүн бардык арам иштерин бул суу жүрөктөр бетпактык менен тымызын жасап көнүшкөн» деген жери жүрөт. Далил менен айта кетели. Эсиңиздердеби, сессия учурунда депутат Талант Мамытов экс-президент Алмазбек Атамбаевди парламентке «келсин, өз чындыгын ушул трибунада айтсын» деп чакырып, «Өмүрбек Текебаев менен Садыр Жапаровду да парламентке алып келели, алар да өз чындыктарын айтсын, ошого шарт түзүп берели»,- деген.

22-июнда Атамбаев Кой-Таш айылындагы үйүндө тарапташтары менен жолугуп, анда ага коюлган дооматтарын четке кагып, «чимкириктердин сотуна барбайм»,-деген. «Алмазбек Атамбаев кол тийбестигин алуу боюнча Жогорку Кеңештеги жыйындарга катышпай турганын билдирди» деп өзүнүн телеканалы «Апрель» да ушинтип жазып, анын сүйлөгөн сөзүн социалдык тармактарга таратышкан. Андагы ВИДЕОдо төмөндө!

Атамбаевге башпрокурор беш айып таккан…

Эскерте кетсек, 25-июнда башпрокурор Өткүрбек Жамшитов экс-президент А.Атамбаевди беш айып менен күнөөлөгөн. Аны толугу менен бу жердеги ШИЛТЕМЕден окуп, ВИДЕОдон көрсөңүз болот.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.