Исаев Атамбаевдин иштерине байланыштуу Түркияга барып келди, эми Москвага барганы турат

Исаев Атамбаевдин иштерине байланыштуу Түркияга барып келди, эми Москвага барганы турат

Мындай маалыматты бүгүн ЖК депутаты Канатбек Исаев журналисттерге айтты. Анын айтымында, ал кызматташтары менен экс-президент Алмазбек Атамбаевдин айланасындагы иштерге байланыштуу Түркияга барып келишкен жана ушундай эле иштер менен жакында Москвага барат.

Албетте, журналисттер кызыгып, Түркиядан эмне тапкандары боюнча сураганда, ал: “Түркияда эмне тапканыбыз боюнча айтпай турайын. Атамбаев «мен мультимиллионер болгом, Түркиядан көп акча тапкам, миллиондук тираждар менен китептерди басып чыгарып, Москвага жөнөткөн мультимиллионермин, мен байлыкты ушинтип топтогом» деп бир нече жолу айткан. Биз ушуга байланыштуу Түркиядан тиешелүү кагаздарды алуу аракети менен барып, депутаттык комиссиянын жыйынына катыша албай калдым. Буюрса мунун баары такталып, жооптор келет”,-деди.

Эскерте кетсек, А.Атамбаевди жоопко тартыш үчүн алгач анын кол тийбестик макамынан ажыратуу маселеси Жогорку Кеңеште көтөрүп, депкомиссия 13-июнда түзүлүп, 18-июнда корутунду чыгып, 20-июнда парламентте жактырылып, Башкы прокуратурага жиберилген. Башкы прокуратура Атамбаевге коюлган алты дооматтын бирөөсү кыскартылып, бешөөнү негиздүү деп тапкан. Эми бул маселе парламенттин жалпы жыйынына чыгарылып, добушка коюлат. 80ден ашык депутат добуш берсе эле экс-президент кол тийбестик макамынан ажыратылып, коюлган айып боюнча жоопко тартылат.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.