Равшан ЖЭЭНБЕКОВ: “Экс-президентти элдик трибунал гана соттошу керек!”

Равшан ЖЭЭНБЕКОВ: “Экс-президентти элдик трибунал гана соттошу керек!”

Экс-депутат Равшан Жээнбековдун экс-президент Алмазбек Атамбаев боюнча оюн коомчулук билгиси келген эле. «Ал кайда, Америкадабы?»,-дегендер да болгон. Атамбаев боюнча пикирин бүгүн өзүнүн “Фейсбуктагы” баракчасына жазды. Аны оңдоо-түздөөсү жок, кандай жазса так ошондой бердик.

Экс-президентти, саясий кызматчыларды Элдик трибунал гана соттошу керек. Бийликтин элдешкис оппоненти, экс-президент Атамбаевди соттоо аракети бүгүнкү күндө, өлкөдө, эң актуалдуу маселеге айланды. Бийлик туура кылып атат. “Бийлик Атамбаевден өч алып, саясий талааны тазалап атат”,- дегендер да бар. Бул пикирлер саясий аргументтер жана риторикалар.

Бирок, саясий маселелер менен бирге адилеттүүлүк, мыйзам үстөмдөгү принциптери эртели кеч актуалдашат.

Сот укуктук системасы коррупциялашкан, президентке көз каранды жана эл ишениминен ажыраган өлкөдө бул принциптер эртели кеч эң актуалдуу маселеге айланат. Дүйнөлүк мыйзам үстөмдүгү (Верховенство права) индекси боюнча, Кыргызстан 120 мамлекеттин ичинен 85-орунда. Ал эми Кыргызстандын статистика комитети жүргүзгөн 2019-жылдын, Эл ишеними индекси боюнча, укук коргоо органдары эл ишенбеген биринчи 5 органга кирген. Бул Кыргызстанда соттук укуктук система толугу менен талкаланган дегенди түшүндүрөт.

Талкаланган укуктук жана соттук система мурдагы президентке, премьерминистрлерге, ЖК төрагасына жана министрлерге күнөө коюп, соттой албайт.

Укуктук соттук система реформаланганга чейин, жогорудагы коомдук саясий маанилүү кызматтагы адамдарды элдик трибунал соттосо туура болот. Ал эми, ал трибуналда мамлекеттик күнөөнү Генералдык прокурор өзү — жеке камсыз кылышы керек.

Бул жол убактылуу адилеттүүлүктү камсыз кылат. Генералдык прокурордун жеке жоопкерчилиги аркылуу укук коргоо органдарынын жоопкерчилигин күчөтөт. Өлкөгө саясий стабилдүүлүк жаратат”,-дейт Р.Жээнбеков.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.