“Саляновду өлтүрүү ишинде саясий өңүт болушу мүмкүн” деген божомол каралып жатканын ИИМ билдирди

“Саляновду өлтүрүү ишинде саясий өңүт болушу мүмкүн” деген божомол каралып жатканын ИИМ билдирди

Мурдагы башкы прокурор, мурдагы ЖК депутаты Аида Салянованын бир тууган иниси Улан Саляновдун өлүмү тууралуу ИИМ бүгүн маалымат таратты. Алардын маалыматына таянсак, У.Саляновду өлтүрүү ишинде саясий өңүт бар болушу мүмкүн деген божомолдор каралууда жана ушул факты боюнча ыкчам тергөө иштери жүрүүдө.

Эсиңиздерде болсо керек, Аида Жеңишбековна канкорлордун колунан каза тапкан инисинин өлүмүндө «саясий буюртма» бар экендигин чыркырап айтып келген. А милиция болсо кылмышты карактоо катары мүнөздөп, ИИМ жалпысынан үч киши — Эрмек Осмонкулов, Асанэмир Абыкулов жана Заур Насруллаев шек саналып жатканын жарыялаган. 2017-жылдын 27-декабрында Осмонкулов Бишкектен кармалган. Москвадан кармалган Асанэмир Абыкулов негизги шектүү катары өтүп жатат. Үчүнчү шектүү, орус жараны Заур Насруллаев да Екатеринбург шаарынан 2018-жылы августта кармалган.

Эскерте кетсек, 42 жаштагы маркум Улан Салянов өз үйүнөн мыкаачылык менен өлтүрүлгөн, тагырагы, 2017-жылы 6-ноябрда Бишкектеги Көк-Жар жаңы конушундагы үйүнө кирип, атып кетишкен. Сот жараяны былтыр сентябрда башталган.​

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.