Атамбаевдин статусун алууга 103 депутат макулдугун берип, алтоо каршы чыкты (Тизме)

Атамбаевдин статусун алууга 103 депутат макулдугун берип, алтоо каршы чыкты (Тизме)

Ошентип, көптөн бери күткөн маселеге бүгүн чекит коюлду. Жогорку Кеңеш Атамбаевдин кол тийбестик макамын алуу боюнча маселени карашты. Алгач Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов баяндама жасап, экс-президент ыйгарым укуктарынан аша чапканы жөнүндө маалыматтарды берди. Депутаттар тыныгууга чыкпастан бул маселени карап, башпрокурорго суроо узатып, жооп алышты. Акырында, ал маселе ачык добушка коюлуп, 103 депутат макулдугун берип, алтоо каршы чыкты.

Эскерте кетсек, Жогорку Кеңеш 20-июнда Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратыш үчүн ага күнөө коюу маселесин караган депутаттык комиссиянын корутундусун жактырып, аны Башкы прокуратурага жиберген. Башкы прокуратура экс-президентке коюлган алты дооматтын бирөөсүн кыскартып, бешөөнү негиздүү деп тапкан. Кайсы беш айып десеңиз, анда бу жердеги ШИЛТЕМЕден окуңуз!

Эрзат МЫРЗА

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.