ӨМҮРКУЛОВ: “Мен чыккынчы эмесмин! Атамбаевдин жеке кызыкчылыгын эмнеге коргошум керек?”

ӨМҮРКУЛОВ: “Мен чыккынчы эмесмин! Атамбаевдин жеке кызыкчылыгын эмнеге коргошум керек?”

КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов жергиликтүү гезиттердин бирине берген маегин “kabarlar.kg” сайты айтып, аны жарыялады. Аталган сайттан биз алып, алдыңыздарга жарыялап турубуз.

— Иса Шейшенкулович, Кой-Ташта чогулган кээ бир кишилер сизди «малы көп, жылкылары, койлору жайыттын баарын тебелеп атат» деп сындашты. Буга сиз кандай жооп берет элеңиз?

— Ооба, уктум. Мен алардын сүйлөгөнүн көңүлгө да албайм. Өздөрү бир мал багып алышсынчы!

Он жылкы, он уй багышсын. Бир-эки кишини багышсын, ошондо сүйлөшсө болмок. Айыл чарбасы дайым дотацияда болот. Мал баккандан дүйнөдө бир да жерде пайда жок. Бирок, үй-бүлөнү бакканга, тиричиликке чоң жардамы бар. Мал-жан бизде илгертеден эле болгон. Ата-бабабыз багып келген. Кичинекей кезибизден атам бизди да ошого үйрөткөн. Ошол нук менен келатабыз.

Союз тарагандан бери жылыга көбөйтүп, селекция кылып отуруп, ушундай чоң чарбага жетиштик. Мунун баары он жылдап жасаган оокат. Жылкы багам. Көп жыл болду бакканыма. Таза кандуу, араб тукумундагы жылкыларды багам. Кийинки жылдары меринос койду кайра жандандырууга жардам берип жатам. Миң баштай тубар коюм бар (тиги жигит 2-3 миң деди го.

Эми ал сүйлөй берсин). Тубар бээлерим бар. Мунун баары мындайча айтканда, өзүнүн орду-орду менен. Ал эмгекти талап кылат, ага тоют даярдап, ветеринардык жактан тейлөө керек. Бул жыл бою эс алууга чыкпай, күнү-түнү иштей турган кызмат. Мен кайта сыймыктанам, үлгү көрсөтүп атканыма.

Үйрөнсүн ошол сайраган немелер. Миллиондоп жегендер, гектарлап жерди саткандар жооп берсин.

— Сиздин корооңузга таш ыргыткан жигит өзүн «жумгалдыкмын» деп тааныштырды. Өзү жумгалдык болсо, сиздин мал чарбаңыз бар экенин кайдан билет? Ага маалыматтарды «досуңуз» берип аткан жокпу?

— Чынын айтканда, ошондой эле да. Атамбаев өзү да сүйлөдү «чыккынчы» деп. Мен злдин чыккынчысы эмесмин. Эмне үчүн мен Атамбаевдин жеке кызыкчылыгын коргошум керек? Мурунку революцияда башынан аягына чейин турганбыз. Мен трибунадан сүйлөп жүргөндө Атамбаев өзү кайда жүрдү эле?

Бүгүн акыл үйрөтүп жаткандар  кайда жүрүштү эле? Мен бүгүн бирөөнүн жеке кызыкчылыгын коргобойм. Мамлекетибизге тынчтык керек. Атамбаевдин кандайдыр бир кызыкчылыгы ишке ашпай кала турган болсо, эмне үчүн ага элдин баары күнөөлүү, чыккынчы болушу керек?

«Күңжилик» деп атпайбы, мен көрдүм, ал жерде нормальный киши жок. Мен алардын баарын беш колдой тааныйм. Жугунду ичкендин баары Атамбаевдин короосуна чогулушту…

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.