Түндө Атамбаевди коргоого барган атчандар азыр эмне кылууда?

Түндө Атамбаевди коргоого барган атчандар азыр эмне кылууда?

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин тарапкерлеринин штабы (Атамбаевдин тарапкерлери 22-июндан бери Кой-Таштагы үйүнө чогулуп, «элдик штаб» жана пресс-борбор түзгөнүн айтышкан — авт.) түзүлгөндөн бери тарапташтары ошол жерде. Кечээ алар төшөнчүлөрүн да ташып жатканын, ал жерге таш төгүлгөнүн, Атамбаев билдирүү таратканын жазганбыз. Аны бу жердеги ШИЛТЕМЕден окусаңыз болот.

Атамбаевдин тарапкерлери Адил Турдукулов, Мирбек Айтикеев, Назгүл Мамытовалардын  “Фейсбуктагы” баракчаларына жазганына караганда, Кой-Ташка колдоочулар келип кошулууда. Түндө атчандар барганын да жазып, сүрөттөрүн жайгаштырды. “Чүйдүн жогорку айылдарынын жаштары, атчандары, чабандестери да Кой-Таштан элдик штабды колдоп келишиптир”,-деп жазды М.Айтикеев.

“Азыр эмне болуп жатат ал жакта?” десеңиздер, азыр ал жерде абал туруктуу. Азыр телевизордон Жогорку Кеңештин жыйынын түз эфирден көрүп, жыйынтыгын күтүп жатышат жана бүткөн соң, алар митинг өткөрүү ниетинде. Митингге даярдыктар жүрүп жатканын, акырындан эл чогулуп жатканын жана ага Алмазбек Атамбаев өзү катышаарын ал жердеги журналисттер жазып чыгууда. Кесиптештердин айтымына таянсак, азыр ал жерде 150дөй киши бар, алардын көпчүлүгү журналисттер.

Парламент учурда Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу маселесин кароодо. Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов корутундуну окугандан кийин, ал суроо берилүүдө. Албетте, талаш-тартыш болууда, тагырагы, Атамбаевди жактап жанында калган депутаттар: И.Карамушкина, М.Мадеминов, А.Кодуранова, К.Орозова, А.Артыков “туура эмес” деп, такыр эле ишенбей, капа болуп жатышат.

Эрзат МЫРЗА

СҮРӨТ: Атчандар Назгүл Мамытованын «Фейсбуктагы» баракчасынан алынды. Телевизор тиктеп отургандар «Азаттыктан» алынды.

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.