ТИЛЛЕБАЕВ: «Атамбаев «итчилик» да сиздики, «чимкирик» да сиздики»

ТИЛЛЕБАЕВ: «Атамбаев «итчилик» да сиздики, «чимкирик» да сиздики»

“Фейсбук” колдонуучулардын активдүү катышуучусу Тиллебаев Маматкадыр мырза ар бир ишке болгон ой-пикирин ыр менен билдирип турат. Алмазбек Атамбаевге арнап ыр жазыптыр.

Алмазбек Атамбаевге

(Таба эмес, тобо!)

Элден уурдап өзүңө,
Төр салбагын дечү эле,
Терең кылып бирөөгө,
Көр казбагын дечү эле…

Жаш балдарын сабаган,
Жок кылмышты жамаган,
Күнөөсү жок адамды,
Кандай экен камаган?

Аэропортту башкарган,
Кампачы да сиздики.
Милийсаны башкарган,
Жансакчы да сиздики.

Акча менен чогулган,
Топтор дагы сиздики.
Сапарларды камаган,
Соттор дагы сиздики.
Бардык жокту сасыткан,
“Боктор” дагы сиздики.

«Белздеги», «апостиль»,
«Гейттер» дагы сиздики.
Элдин башын айланткан,
«Фейктер» дагы сиздики.

Журналистти сыздаткан,
Арыз дагы сиздики.
Кыргыздарга илинген,
Карыз дагы сиздики.

Шоопуларды бийлеткен,
«Итчилик»да сиздики.
Жакшыбы же жаманбы,
«Чимкирик»да сиздики…

Байкуш болуп турсузбу?
Сиз кыргызга «туусузбу»?
Баары жаман, сиз жакшы,
Ушунчалык куусузбу?

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.