(ВИДЕО) Чыныбай Турсунбеков Алмазбек Атамбаев менен эмнеге “касташып” калганын айтты…

(ВИДЕО) Чыныбай Турсунбеков Алмазбек Атамбаев менен эмнеге “касташып” калганын айтты…

Бүгүн, 27-июнда парламент тарыхый чечим кылды, ЖК депутаттары экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестик макамынан ажыратты. Ал ачык добуш менен чечилди, 103 депутат макулдугун берип, алтоо каршы болду. КСДП фракциясынын депутаты, мурдагы спикер жыйынга катышпай калган. Ал ошол эле күнү “Азаттыктын” “Эксперттер талдайт” эфирине катышып, жыйынга эмнеге катышпай калганынын себебин, экс-президент экөөнүн мамилеси эмнеге салкындап кеткенин ачык эле айтып берди.  Аны төмөнкү ВИДЕОдон көрүңүз!

Үч жыл мурунку айтылган сөздөр…

Эсиңиздерде болсо керек, президенттик шайлоонун алдында, жайында (2017-жылы, 15-июлда) КСДП съезд өткөрүп, президенттикке талапкер катары андагы премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун талапкерлиги сунушталып, бекитилген. Ошол учурдагы ЖК спикери Чыныбай Турсунбеков съездде президенттикке шайлоого катышууга ниети бар экендигин билдирген. «Бир партиядан эки талапкердин көрсөтүлүшү партияга зыян келтирбейт. Акыркы убактарда «КСДП партиясы экиге бөлүнүп жатат» деген сөз чындыкка туура келбейт»,-деген ал.

Анан эле 15 күндөн кийин, 31-июлда Ч. Турсунбеков президенттик шайлоого барбай турганын журналисттерге билдирип, мындай чечимди көптөгөн саясый серепчилер жана кеңешчилер менен сүйлөшкөндөн кийин кабыл алганын айткан.“Президенттик шайлоого барсам көпчүлүктүн шайын оодарып, маселе жаратарымды жакшы түшүндүм. Менин кызматым өлкөнүн туруктуулугу үчүн маанилүү экенин билип, өз ишмердигимди уланта берүүнү чечтим”,- деген.

Бул жерде Ч.Турсунбеков болгон чындыкты айткан эмес, себеби, андагы президент Алмазбек Атамбаев бардык нерсеге аралашып, кызматка өзүнө жаккан кишисин коюп турган убагы болчу. Ч.Турсунбековдун талапкерлигин угуп, ал: “ким СДПКнын чечимине баш ийбесе, кызматтан кетет!”,- дегенин да баарыбыз укканбыз. Бул тарых. Ар бир айтылган сөз мезгил менен кошо катып калат. Ошондой болсо да, бүгүн Атамбаев кечээги айткандарын танып турган убагы. Бу кишиге сөз жок экен чынында, кантип ага 6 жыл чыдадык?..

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.