Эки жолу ыр “уурдаганы” үчүн Киркоровду автору сотко берип, 277 миллион акча  талап кылды (ВИДЕО)

Эки жолу ыр “уурдаганы” үчүн Киркоровду автору сотко берип, 277 миллион акча  талап кылды (ВИДЕО)

Бул тууралуу орус ММКлары  (кечээ, 28-июнда)  жазып чыкты. Алардын айтымында, поп-музыканын королу, ырчы Филипп Киркоров плагиат кылганы үчүн дагы күнөөлөнгөн. Аны кайрадан эле француз ырчы, музыкант, композитор Дидье Маруан “дагы ырымды уурдады” деп күнөөлөп, сотко берген.

Композитор Д.Маруан Россияга учуп келип, Москва шаарындагы Таган райондук сотко арыз менен кайрылган. Ал арызында Ф.Киркоров анын ырын бир эмес, эки жолу плагиат кылганын баса белгилеп, 272 миллион рубль талап кылган. Биринчи ыры менен үч жыл мурун чатакташкан. Киркоровдун аткаруусундагы «Жестокая любовь» аттуу ырды «Symphonic Space Dream» аттуу ырыман уурдалган” деген. Эми болсо «Цвет настроения синий» аттуу ырдагы анын 1978-жылы хитке айланган «Just Blue» аттуу ырында окшоштук бар экенин айткан. Кайрадан күнөөлөп жаткан Маруанинин мындай кадамына Киркоров реакция кылган жок. Автор биринчи жолу аны күнөөлөгөндө Киркоровго жердештери жан тартып коюшкан, бул жолу кандай кабыл алышаарын арызынча белгисиз. Сот эмне дейт? Кызыктар али алдыда…

Чырга айланган ырларды салыштыралы…

 “Жестокая любов” Ф.Киркоровдун аткаруусунда.

“Symphonic Space Dream” аттуу ыр. Автору — Д.Маруан.

“Цвет настроения синий”. Ф.Киркоровдун аткаруусунда.

«Just Blue» аттуу ыр. Автору – Д.Маруан.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.