Ибрагим Жунусовдун өкүл баласы Эмил Балтагулов окуу жайга жетекчи болду

Ибрагим Жунусовдун өкүл баласы Эмил Балтагулов окуу жайга жетекчи болду

Маданияттын мыкты кызматкери, белгилүү ырчы Эмилбек Балтагулов Жалал-Абад маданият техникумуна директор болуп кечээ, 28-июнда дайындалды. Аталган техникумдун эмгек жамааты менен Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Кайрат Иманалиев тааныштырып, аны кызмат ордуна отургузуп, ишине ийгилик каалады.   

Талыкпас эмгеги менен жетекчиликке жетти…

Эмилбек Балтагулов Жалал-Абад облусундагы Чаткал районуна караштуу Терек-Сай айылында 1981-жылы төрөлгөн. Жогорку билимдүү. ОшМУнун искусство факультетин бүтүргөн. Ошол эле университеттен эмгек жолун (мугалимдиктен) баштаган. Өзүнүн туулуп-өскөн айылындагы маданият үйүн бир жыл (2010-2011-ж.ж.) жетектеген. Жалал-Абаддагы филармонияда эки жыл (2013-2015-ж.ж.) иштеп, эки жыл филармония директорунун орун басары (2015-2017-ж.ж.) болуп эмгектенген. 2018-жылы Г.Бакиева атындагы № 24 мектепте бир жыл мугалим болуп иштеп, ушул жылдын башында “Жаш талант” музыкалык ийриминин жетекчиси болгон. Андан тышкары, “Сезим” тобунун да жетекчиси. Өз эмгеги менен жетекчиликке жеткенин жердештери сыймыктануу менен айтып келет.

“Ичпечи, апа!” аттуу ыр менен дүң болгон

Ырчынын аткаруусунда элге сиңген ырлары: «Ичпечи, апа!», «Я Расул Аллах», «Балдарымдын апасы», «Махабат дастаны». Ушул ырлардын ичинен төкмө акын Жеңишбек Жумакадырдын калемине таандык «Ичпечи, апа» аттуу ырга обон (бул ырга төкмө акын өзү да, ырчы Сыймык Бейшекеев да обон чыгарган – авт.) чыгарып, ырдап чыкканда дүң болгону чындык. “Ооба, ушул чыгарма мени таанытты”,-деп өзүнүн моюндаганы бар.

«Ичпечи, апа!» Сөзү: Ж.Жумакадырдыкы; Обону: Э.Балтагуловдуку

Өмүрүндө өкүл атасынан кызмат сурап көргөнбү?

Эмилбек Балтагулов үй-бүлөлүү. Эки кыз, бир уулдун атасы. Жубайы да ырчы, жолдошу менен дуэт ырдаган ырлары бар. Алардын өкүл атасы — Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Ибрагим Жунусов. Ал боюнча “24 kg” сайтты маекке чакырганда сураган, “катташып турасыздарбы?”,-деп. “Ооба, И.Жунусов менин өкүл атам, жубайы Чынара өкүл энебиз. Катташабыз. Алыста болсок да вотсап аркылуу жаңылыктар менен бөлүшүп турабыз”,-деген ырчы. “Өкүл атаңыз жардамдашып турабы?”,-дегенде, ал: “Жардамы такыр тийген жок деп айта албайм. Белгилүү бир деңгээлде жардамы тийип турат. Бирок кызматынан пайдаланам деп, өкмөттүк деңгээлдеги жумуштарына аралашпайм, жардам сурабайм. Жардам сурасам жеке үй-бүлөм үчүн сурайм. Алыш-бериш, тыйын маселеси боюнча балким жардамдашып турат. Ал эми мага кызмат таап бер, бул жакка отургуз деп кызмат абалынан пайдаланган жокмун”,-деген Э.Балтагулов.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.