Шайлообек ДҮЙШЕЕВ: “Бөлүнгөндөн акыры өлөт, кыргыз!”

Шайлообек ДҮЙШЕЕВ: “Бөлүнгөндөн акыры өлөт, кыргыз!”

Кыргыз эл акыны Шайлообек Дүйшеевдин ырын окубаган киши жок болсо керек. “Бөлүнгөндөн акыры өлөт кыргыз” аттуу ырын 1993-жылы жазыптыр. Учурдагы абалга жаны кейидиби, айтор, атабыз ушул ырын “Фейсбуктагы” баракчасына 23-июнда жайгаштырыптыр. Кыргыз ойлоно, ойного турган ыр!

БӨЛҮНГӨНДӨН АКЫРЫ ӨЛӨТ, КЫРГЫЗ!

Түздөн-кырдан санап жыйган элиңди,
Түркүк болуп Талас жыйган элиңди.
Түндүгүңдү түшүрө чаап кул кылып,
Түгөтөрдө Манас жыйган элиңди.

Жолдон издеп санап жыйган элиңди,
Жондон издеп Талас жыйган элиңди.
Жолбун иттей тентип кетип дүйнөдөн
Жок болордо Манас жыйган элиңди.

Көр жазданып өлүп жыйган элиңди,
Көздүн жашын төгүп жыйган элиңди.
Шайың кетип шалдыраган кезиңде,
Шабдан баатыр көрүп жыйган элиңди.

Кучагыңа кулап жыйган элиңди,
Кудайыңдан сурап жыйган элиңди.
Кунуң учуп кул болордо Коконго,
Курманжаның курап жыйган элиңди.

Богооздоруң чыкты го отко бөлгөн,
Боордошторуң чыкты го доско бөлгөн.
Боз балдардын шыбырап кулагына,
Бокмурундар чыкты го Ошко бөлгөн.

Алсыздарың чыкты го күнгө бөлгөн,
Арсыздарың чыкты го үйгө бөлгөн.
Ала Тоого кагылган шынаа болуп,
Акмактарың чыкты го Чүйгө бөлгөн.

Эссиздериң чыкты го энге бөлгөн,
Ээнбаштарың чыкты го элге бөлгөн.
Эч кимди укпай элеттен айкырышып,
Эшектериң чыкты го жерге бөлгөн.

Күнөөсүнө баттык го талаштын биз,
Күнөө кылсак кечет деп Манастын биз.
Күмбөзүнө куранды окуп туруп,
Элин бөлдүк күжүлдөп Таластын биз.

Караламан калкыңды бузчу болгон,
Кайран эл ай, мансапка упчу болгон.
Калк бузарлар бир жерде саруу болуп,
Калк бузарлар бир жерде кушчу болгон.

Кара жемсөө чоңдорго тамак болгон,
Кайран эл ай, мансапка таяк болгон.
Калк бузарлар бир жерде сарбагыш деп,
Калк бузарлар бир жерде саяк болгон.

Момун элди теридей керип койгон,
Момпосуюн соргузуп берип койгон.
Тыңчы кылып карөзгөй айбандарын,
Тынымсейит, Моңолдор, Черик болгон.

Караңгынын кайрадан кулу болгон,
Кайран эл ай, мансаптын кулу болгон.
Көзөлдөрдүн артынан ээрчийбиз деп,
Көлдү бөлүп экиге Бугу болгон.

Котур ташын колтукка тыгып жүргөн,
Кокту бойлоп акырын жылып жүргөн.
Короосунда кыргыздын айбандар көп,
“Коңкобай” деп артыңдан шылып жүргөн.

Сасык оюн сапырып кынжып жүргөн,
Санын алып түгөлдөп жылжып жүргөн.
Салты бузук кыргызда айбандар көп,
“Сарт” экен деп саат сайын былжып жүргөн.

Кайран эл ай, кайран эл караңдаган,
Казы-карта көргөзсө жалаңдаган.
Каруусуна камчы илген аким көрсө,
Калпагына жашынып алаңдаган.

Кайран эл ай, кайран эл караңдаган,
Карандай чай шимирип малаңдаган.
Шылуундарга жулдуруп шыбагасын,
Шылтоо таппай көздөрү алаңдаган.

Кайран эл ай, кайран эл караңдаган,
Кат билсе да билимге каналбаган.
Арак берем шайласаң дегендерге,
Айбан болуп бергенден аянбаган.

Кайран эл ай, кайран эл караңдаган,
Кара жанын тыңыраак багалбаган.
Шекер берем шайласаң дегендерге,
Шермендеге кеткенден аянбаган.

Кайран эл ай, кайран эл караңдаган,
Кара күчтөн башкага таянбаган.
Эт беремин шайласаң дегендерге
Энесин да саткандан аянбаган.

Уулдарыңды карачы, санап койгон,
Уу-дуу түшүп бийликке аяп койгон.
Азап тарткан кыргызды бакса экен деп,
Ала Тоого алпарып таяп койгон.

Уулдарыңды карачы, аяп койгон,
Урмат кылып бийликке таяп койгон.
Өтүктөрүн төргө илип бүгүн алар,
Өз элине өздөрү манап болгон.

Уулдарыңды карачы, дайын болгон,
Урук-жааты өзүнчө айыл болгон.
Боорго басып жан кыйбас жакындарын,
Боздоп турган элине кайыл болгон.

Уулдарыңды карачы, алгыр болгон,
Убадасы жыртылып калбыр болгон.
Кылгылыкты кылышып бүгүн алар,
Кыргыздарга азанап айгыр болгон.

Урап турган тамыңа устун болбой,
Уулдарыңды карачы, кузгун болгон.
Улак тартып бийлик деп өлүп-талып,
Урууларга уялбай бөлүп жарып.
Өз элине өздөрү муштум болгон,
Уулдарыңды карачы кузгун болгон.

Кайран эл ай, кайран эл караңдаган,
Каатчылыктан кабагы салаңдаган.
Калкты бөлүп жатышкан кара беттер
Кас экенин билелбай алаңдаган.
Калкан болуп калкына туралбастан
Канжыгадай бөлүнгөн тарам-тарам,
Кайран эл ай, кайран эл караңдаган.

Бөлөт, бөлөт коктуга солоп Кыргыз,
Бөрү-кузгун этиңе тоет, Кыргыз.
Бөлөт дагы бир-бирден кармап алып,
Бөлөт дагы көзүңдү оет, Кыргыз!

Бөртүп, бөртүп көз жашың агат, Кыргыз,
Бөксөлөрдө сөөк-саагың калат, Кыргыз.
Бөтөн колдон ажалды издебегин,
Бөлүнгөндөн ажалын табат, Кыргыз!

Бөлөк, бөлөк алпарып бөлөт, Кыргыз,
Бөлөт дагы өзүңдү көмөт, Кыргыз.
Бөтөн колдон өлүмдү издебегин,
Бөлүнгөндөн акыры өлөт, Кыргыз!

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.