Сегизбаев мындан ары Атамбаевдин жанында болоорун Жолдубаевага айтыптыр…

Сегизбаев мындан ары Атамбаевдин жанында болоорун Жолдубаевага айтыптыр…

УКМКнын мурдагы жетекчиси, экс-президенттин эң жакын адамы Абдил Сегизбаев бүгүн Кой-Ташка барганын Атамбаевдин колдоочуларынын баары “Сегизбаев биз менен!” деп болгон социалдык тармактарга жазып, сүрөттөрүн жайгаштырып, таратышты.

А.Сегизбаевден журналисттер ал жерге эмне максат менен барганын сурашканда, ал: «Алмазбек Атамбаевдин ден соолугун сурап, аны колдоо үчүн келдим, эми жанында болом. Анын үстүнө өзүм ушул Кой-Таштан болом”,- дептир.  Андан кесиптештер “Белизгейт” боюнча сурашканда, ал: “Сүйрөштү, бирок эч нерсе табышкан жок, ошондуктан эч нерсе жок»,- деп жооп бериптир.

Ошондой эле КСДПнын расмий өкүлү, Атамбаевдин кеңешчиси Кундуз Жолдубаева да Абдил Сегизбаев менен мурдагы ИИМ министри Улан Исраилов Кой-Ташка барганын жана Сегизбаев менен баарлашып, анын позициясын билген. “Жогорку Кеңеш мыйзамсыз чечим кабыл алгандан кийин, позициябызды билдириш үчүн келдик”,-деп Исраилов экөөнүн атынан жооп бериптир Сегизбаев Жолдубаевага.

ШЫКМАМАТОВ: «Белизгейт» боюнча Сегизбаев менен Жолдубаева жоопко тартылсын!»

деп ЖК депутаты Алмамбет Шыкмаматов былтыр айткан эле. Аны бу жердеги ШИЛТЕМЕден окуңуз.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.