Президент Жээнбековдун кеңешчиси экс-президентке кошулду. Аны көргөн Атамбаев кубанып…

Президент Жээнбековдун кеңешчиси экс-президентке кошулду. Аны көргөн Атамбаев кубанып…

Бүгүн, 30-июнда президенттин С.Жээнбековдун кеңешчиси Айбек Азыранкулов Кой-Ташка барды. Ал журналисттерге отставкага кетүү тууралуу арыз жазганын жана жеке позициясын арыз аркылуу билдиргенин айтты. “Баары мыйзам чегинде болушу керек. Азыр элдин нааразылыгын көрүп жатабыз. Мен 2006-жылдан бери КСДП партиясынын мүчөсүмүн. Биз бир команда элек, — дейт А.Азыранкулов.

Ал былтыр жазында президент Сооронбай Жээнбековдун кеңешчиси болуп дайындалган. Ага чейин ЖК депутаты (2009-2010-ж.ж.), 2010-2013-жылдары Чүй облусунунун губернатору, Эмгек, миграция жана жаштар министри болгон.

Кечээ Атамбаевге экстер барса, бүгүн Акүйдөн барып…

Эскерте кетсек, Атамбаевдин тарапкерлери анын Кой-Таш айылындагы үйүнө 22-июнда «элдик штаб» ачышкан. 27-июнда Жогорку Кеңеш Атамбаевден «экс-президент» деген макамды алып, кол тийбестиктен ажыраткан. Ошондон бери экс-президентти колдогондор “Элдик штабга” барып, нааразычылыгын билдирүүдө. А Атамбаев болсо күнүгө кечке жуук чогулгандардын алдына чыгып, учурашып, алардын пикирин угуп, журналисттердин суроосуна жооп берүүнү салтка айлантып алгандай… Экс-президентти кечээ экстер: Абдил Сегизбаев (УКМКнын мурдагы жетекчиси), Улан Исраилов (ИИМдин мурдагы жетекчиси) жана КТРнын Байкоочу кеңешинин жетекчиси Жыпар Жекшеев барып кубантса, бүгүн Айбек Азыранкуловдун барып сүйүнттү. Азыранкуловду көрүп, кучактап, аны көргөнүнө кубанып турганын Атамбаев жашырган жок.

Сегизбаев эмнелерди айтканын билгиңиз келсе, аны бу жердеги ШИЛТЕМЕден окуңуз!

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.