ВИДЕО: Атамбаев бир энени кагып, басып кетти…

ВИДЕО: Атамбаев бир энени кагып, басып кетти…

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин тарапкерлери анын Кой-Таш айылындагы үйүнө 22-июнда «Элдик штаб» ачышкан, ошондон бери ошол жерде түнөшүүдө. Ал жерге ар кайсы жерден колдогондор барып, өз ойлорун ортого салууда, албетте, нааразы…

Суроо жакпай калса эле кагынып-силкинип…

Ал эми Атамбаев болсо күнүгө кечке жуук чогулгандардын алдына чыгып, алар менен учурашып, пикирин угуп, журналисттердин суроосуна жооп берүүнү салтка айлантып алгандай… Бүгүн да ошентти. Анан бир эне ага жапжакшынакай эле суроо узатты: “Бир канча жылдан бери Жээнбеков менен дос болуп келатыпсыздар. Элдешүүгө болобу?”,-деп. Бул суроо Атамбаевге жакпай калып, өңү бузулуп: “Сизди ким жиберди билбейм? Мени эмне “Жээнбековдордун алдына барып тизелеп бер дегени турасызбы? Ушинткениңиз уят да эми, эже!”,-деп кагып, басып кетти. Ал эне болсо, «мен СДПКнын мүчөсүмүн» деген боюнча кала берди. эми бул суроонун эмнеси жаман? Эмнеге терикти? Эски эки досту элдешүүгө чакырып жатат да. Жакшы сөз сүйлөсө деле, аны жаман жакка бурмалоонун кажети барбы? «Атамбаевдин антип айтканына ишенбейм» десеңиз, анда бу ВИДЕОдон көрүңүз!

«Ушинтип Кой-Ташта тура беребизби?»

Атамбаев кобуранып бир аз ары эле жылганда тургандардын арасынан бир жаш бала: «Биз ушинтип Кой-Ташта тура беребизби? Качан кыймылдайбыз?«,-деди. Албетте, бул суроо ага жакты, бирок, сыр берген жок, бир аз ойлонуп туруп калып: «Жок, турбаш керек, аны ойлонуп, анан жооп берейин. «Элдик штаб» ойлонуп атат«,-деди. «Элдик штабдын» ойлонуп жатканы — тынчтык митинги экен. Аталышы: «Соке болбой калды». Ушунда аталыштагы афишага: «Эски «элита» кетсин! Жаңы элдик лидерлер келсин!» деп жазылган. Жана Кыргызстандын тагдырына кайдыгер карабаган калкка чакырык ташталган.

Тынчтык митинги «Медиафорумдун» алдында өтөөрү жана ага Атамбаев өзү катышаары айтылды.

Эрзат МЫРЗА 

 

 

 

 

One thought on “ВИДЕО: Атамбаев бир энени кагып, басып кетти…

  1. Атамбаев мырза ! Это Ваш самый правильный поступок ! Желание из друга сделать марионетку , это некорректное решение ! Для правильного политика на первом месте — народ , успехи и достижения страны , семью — жену , детей — в сторону , чтобы не портили власть, женщины от шайтана , царей и королей портят запросто , ненасытность к богатству беспрелельна у женщин ! Вот в этом Вы дали маху. Пишите мемуары о встречах с великими людьми . Это сейчас Ваша задача ! А друг Вас не подведет !

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.