Бүгүн 1,5 тонна ашлям-фу жасалып, элге бекер таратылды

Бүгүн 1,5 тонна ашлям-фу жасалып, элге бекер таратылды

Бул тууралуу ММКлар жазып чыкты. Алардын маалыматына таянсак, бүгүн, 1-июлда, Каракол шаарынын 150 жылдык мааракесине карата “Улут баскан улуу жол – III” фестивалы болуп өткөн. Анда боз үй тигилип, манас айтуу боюнча сынак өтүп, улуттук кийимдер көрсөтүлүп, кол өнөрчүлөрдүн жарманкеси уюштурулган. Андан тышкары, 1,5 тонна ашлям-фу даярдалып, элге бекер таратылган.

Мындай тамак дунган улутуна таандык болгондуктан, Ырдык айылындагы дунган ашпозчулары даярдаган.

Сүрөт: «Турмуш» сайтынан алынды.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.