Олжобай ШАКИР: “Сыйлык “Супарада” салтанат менен тапшырылат”

Олжобай ШАКИР: “Сыйлык “Супарада” салтанат менен тапшырылат”

РухЭш” сайтынын негиздөөчүсү жана жетекчиси Олжобай Шакир улуттук адабиятты байытуу максатта котормочуларга конкурс уюштуруп келет. Бүгүн, 1-июлда конкурс жыйынталып, жеңүүчүлөр аныкталып, аттары аталды. Аны Олжобай Шакир өзүнүн сайтына жазып чыкты. Ал төмөндө.

“Улуттук адабиятты байытуу багытындагы конкурс жыйынтыгы “ЭлТР” каналынын түз эфиринде жарыяланып, калыстар тобунун мүчөлөрү: Айтматов таануучу жана адабиятчы Айнура Кадырманбетова, адабий сынчы Рысбек Эшматов, белгилүү публицист жана сынчы Жолдош Турдубаевдин чечими менен төмөндөгү калемгерлер жеңүүчү деп табылды…

Биринчи байгенин жеңүүчүлөрү:

А) Виктор Астафьев: “Алыскы түндүктүн зоокаларында” (№24) — Орусчадан оодарган Марсел Исаков.

Б) Али Сабахаттин: “Асфальттуу жол” (№43) — Түрк тилинен которгон Мээрим Сайдилканова.

В) Амброз Бирс: “Үкү-Сай көпүрөсүндө болгон окуя” (№49) — Англис тилинен которгон Азат Жапарбек.

Экинчи байгенин жеңүүчүлөрү:

А) Антония Буицца: “Курбулар” (№27) — Италиян тилинен которгон Миргүл Өмүралиева.

Б) Валентин Распутин: “Кемпир» (№34) — Орусчадан оодарган Мусакун Сатыбалдиев.

В) Эмир Калкан: “Жайлоонун гүлү” (№37) — Түрк тилинен которгон Салия Ибраимова.

Үчүнчү байгенин жеңүүчүлөрү:

А) Рубен Гальего: “Ак темгил жашоо” (№ 28) — Орусчадан оодарган Амирбек Азам уулу.

Б) Фёдор Достоевский: “Кызык адам түш көргөндө” (№52) — Орусчадан оодарган Эрмек Шооруков.

В) Ɵмер Сейфеддин: “Күлгүн бермет менен кооздолгон чапан” (№6) — Түрк тилинен которгон Арген Шабданов.

Кызыктыруучу байгенин жеңүүчүлөрү:

Лев Толстой: “Балалыктын батылдыгы” (№22) — Орусчадан оодарган Эрнис Асек уулу.

Антон Чехов: “Тергөөчү” (№ 47) — Орусчадан оодарган Тариел Амантуров.

Евгений Шварц: «Жоголгон убакыт жөнүндө жомок» (№ 60) — Орусчадан оодарган Бакытбек Жунусалиев.

Эскертүү: аталган конкурста 1-орундун жеңүүчүсү деп табылган ар бир калемгерге 30 000 (отуз миң) сомдон 90 000 (токсон миң) сом; 2-орундун жеңүүчүсү деп табылган ар бир калемгерге 20 000 (жыйырма миң) сомдон 60 000 (алтымыш миң); 3-орундун жеңүүчүсү деп табылган ар бир калемгерге 10 000 (он миң) сомдон 30 000 (отуз миң) сом ыйгарылат, о.э. атайы кызыктыруучу байгенин жеңүүчүлөрү үчүн үч калемгерге 2 миң сомдон 6 миң сом тапшырылат.

Сыйлык тапшыруу аземи 19-июль күнү (жума) саат 12-00дө “Супара” этно-комплексинде салтанат менен тапшырылат. Ар бир жеңүүчү акчалай байгелерден сырткары атайы дипломдор менен сыйланат. О.э. конкурстун жеңүүчүлөрү үчүн калыстар курамынын баяндамасы уюшулат.

«РухЭш» сайты аталган конкурстун демөөрчүлөрү КР Жогорку Кеңешинин депутаты, акын, котормочу жана адабиятчы Чыныбай Турсунбеков менен “Замандаш” саясый партиясынын төрагасы Жеңиш Молдокматовго жана ар дайым маалыматтык колдоо көрсөтүп келаткандыгы үчүн “ЭлТР” каналынын жалпы жамаатына терең ыраазычылыгын билдирет!”,-деп аяктаган акын, котормочу Олжобай Шакир.

Ал эми биз улуттук адабиятты байытуу багытта конкурс уюштуруп, котормочуларды кызыктырып, аларды жаздырып жаткан Олжобай Шакирге рахмат айтып, ыраазчылык билдиребиз жана бардык жеңүүчүлөрдү куттуктайбыз! Сыйлык сиздердики, сыймык биздики!

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.