Роза ОТУНБАЕВА: “Атамбаев аймак аралык кастыкты козутууну гана көздөп жатат”

Роза ОТУНБАЕВА: “Атамбаев аймак аралык кастыкты козутууну гана көздөп жатат”

Бийликти тынчтык жолу менен өткөрүп берген Отунбаева болгон

Экс-президент Роза Отунбаеванын Атамбаев тууралуу пикирин берүүнүн алдында, бир нерсени баса белгилеп коелу дедик. Атамбаевди колдоочулар: “Эң биринчи тынчтык жолу менен бийликти өткөрүп берген. Кыргызстанга стабилдүүлүктү орноткон Атамбаев”,-деп жатышпайбы. Бул болбогон кеп. Өлкө оор абалда турганда, жоопкерчиликти мойнуна алаарда Атамбаев кайда эле? Ошондо жалгыз аял, аял башы (шагыраган эркек бийликтен баш тартып койгондо, Роза Отунбаева мойнуна алган. Муну Өмүрбек Текебаев да парламентте айтып, эрдигин баса белгилеген. Кыйын болсо, Атамбаев ошондо жоопкерчиликти мойнуна албайт беле?! – авт.) менен өмүрүн тобокелге салып, жоопкерчиликти мойнуна алып, стабилдүүлүктү орнотуп, эң биринчи тынчтык жолу менен Атамбаевге тактыны өткөрүп берген – Роза Исаковна болгон. Бул тарых, аны эч ким тана албайт. Анткени аны баарыбыз көргөнбүз, жакшы билебиз.

“Атамбаев чабалдыгын көрсөтүүдө”

Атамбаевдин кол тийбестик макамы алынып калгандыгы тууралуу Роза Отунбаева билдирүү таратты. Билдирүүдө ал Атамбаевге коюлган айыптар адилеттүү жана мыйзам чегинде иликтениши керектигин билдирген. Парламенттин экс-президенттин макамын алуу кадамын Отунбаева 2016-жылы, андагы депутат Өмүрбек Текебаев Атамбаевге импичмент жарыялагандан башталганын, азыр ошонун уландысы болгонун айткан. Ошол эле жылы депутат Канат Исаев да Атамбаевге сын айта калам деп куугунтукка учураганын, жыйынтыгында, эки депутат тең саясий куугунтукка кабылганын баса белгилеген. Билдирүүсүнүн кыска-нуска жерин айтканда, Атамбаев азыр эмнени көздөп жатканы айтылган.  «Алмазбек Атамбаев коомчулукта конфронтацияны, радикализмди, келишпестиктерди жарата турган бөлүп-жаруучу түшүнүктөрдү таратуу чеберчилигин эң жакшы билет. Ал бир гана нерсени — аймак аралык кастыкты козутууну, өлкөнү бөлүүнү көздөп жатат. Тегерегине аялдарды, карыяларды, жаштарды чогултуп алып, «тергөөдөн киши келсе, курал менен каршылык көрсөтөм» деп жатат. Муну ал эрдик катары баалоодо. А чындыгында, андай эмес. Ал муну менен өзүнүн саясий чабалдыгын жана алсыздыгын көрсөтүүдө»,-дейт Роза Исаковна.

Экс-президент буга улай Атамбаевди укуктук талаада күрөшүүгө чакырды. «Ушул эле тергөөчүлөр, прокурорлор жана соттор менен өзү куугунтукка алган атаандаштарына, митинг өткөрбөй, өзүнүн актыгын сотто далилдөөгө ал өзү чакырып келген эмес беле? Саясий буйрук менен камакка алына турганын билип туруп, өзүнүн атынын актыгы үчүн күрөшүү үчүн Өмүрбек Текебаев Кыргызстанга келбеди беле? Аз күн мурдараак Армениянын президенти Роберт Кочарян үчүнчү жолу камакка алынып, бирок күнөөсүн мойнуна албаганына карабай, соттун чечими чыккандан кийин тергөөгө өз ыктыяры менен келди. Ал муну атаандаштары менен тарапташтарын кагыштырууну жана араң жеткен туруктуулукту бузуп алууну каалабай турганы менен түшүндүрдү. Мына, саясий лидерлердин жоопкерчилиги жана инсандын духунун бекемдиги. Алмазбек Атамбаев ушул саясатчыларды үлгү тутуп, өзүндөгү коомго болгон сый мамилени ойготсо болмок. Ошондо коом да ага карата кылмыш ишин жарандык көзөмөлгө алмак», — дейт Отунбаева.

Атамбаев курал менен коргоноорун ачык эле айткан

Эскерте кетсек, парламент 27-июнда мурдагы президент Атамбаевди кол тийбестик укуктарынан ажыратты. Атамбаев муну «демократияга балта чабуу» катары баалап, тарапташтары митинг уюштурса чогуу чыга турганын билдирген. ​Ал 22-июнда да Кой-Таш айылындагы үйүндө тарапташтары менен жолугушкан учурда сүйлөп жатып, сотко да барбай турганын, керек болсо курал менен коргоноорун жар салган. Бакиев да ошентип айтты эле…

Атамбаев өзүнүн гана кызыкчылыгын көздөгөн адам

Роза Исаковнанын айтканында калет жок. Атамбаев чынында эле аймак аралык кастыкты козутууну, элди бөлүүнү, өзүнүн кызыкчылыгын ишке ашырууну гана көздөп атат. Эгер аны жакшы билгиңиз келсе, артка сереп салалы да, карайлы. Ал бийликте турганда одоно ката кетиргенин санап чыкканбыз. Аны бу жердеги ШИЛТЕМЕден окусаңыз болот.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.